Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Жалган кыйкырыкчыларга эмес, футболчуларыбызга түздөнүшүбүз керек

Жалган кыйкырыкчыларга эмес, футболчуларыбызга түздөнүшүбүз керек

24 янв 2019, 15:00    bishkek
Биздин азаматтардын оюну Ала-Тоонун уулдарынын толук духун жана биримдиктин чыныгы күчүн көрсөттү. Жалпы Кыргызстан, ал эле эмес башка өлкөлөр да Кыргызстандын футбол феномени тууралуу кеп кылышты. Биздин азаматтар бир гана оюн эмес, андан да бийиктикти көрсөтүштү. Алар кыргыз спортунун кооздугун, бийик намыстуулукту, биримдикти көрсөтүштү. Биз спортто, маданиятта, эл аралык мамилелерде да так ушундай жетишкендиктерибизди көрсөтүшүбүз керек.
Учурда ФИФАга кирген 211 өлкөнүн ичинде Кыргызстандын командасы 203-орундан 91 орунга чыга алды. Бул жакшы жетишкендик.
Биздин азаматтар өлкөнү кантип даңазалоо керек экенин көрсөттү. Кыргыздарда жакшы сөз бар “Жаман кушту жакшы бакса, шумкар болот” деген. Бул жигиттердин тарбиясы жакшы жана алар туура ой жүгүртүшөт. Биздин элдин жаман иши менен көрсөтүп жаткандардан мындай сапаттарды көрө албайсың. «Антикытай» митингин өткөрүп жаткандардан терс көрүнүштөр чагылышып турду. Алар эл тууралуу ойлонбой туруп, эл деп кыйкырып жатышат. Алар патриот болбой туруп, патриотпуз деп жатышат. Алар ынтымак, биримдик тууралуу кыйкырышканы менен элдин ичинде бөлүнүп жарылууга чакырган лозунгдар менен чыгышты. Мындай «кузгундардын» бизге кереги жок. Эгер чындап мекениңди сүйсөң кимдир бирөөнүн жаман сөзүнө кирбестен, мекениңе чын жүрөктөн кызмат кыл.
Биздин футболчуларыбыздын мисалында ынтымак күчү бар экенин көрсө болот. Бул ынтымакка чакырган күч. Бул зомбулукка, кыйроого алып барбайт. Жалган кыйкырыкчыларга эмес, ушул спортчуларыбызга түздөнүшүбүз керек. Карагылачы биздин курама команданын курамында баардык улуттун өкүлдөрү бар. Алар мен кыйын, сен кыйн болуп бөлүнүшкөн жок. Алар биргеликте жеңишке барышат. Ошентип алар дүйнөлүк ийгиликтерге жана күйөрмандардын сүйүүсүнө жетип жатат. “Ырыс алды - ынтымак, ынтымагын жок болсо, алдындан таят алтын так”,- деген макалды унутпашыбыз керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив