Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков "Sports Awards 2018" V маарекелик салтанатына катышты

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков "Sports Awards 2018" V маарекелик салтанатына катышты

21 янв 2019, 12:02    bishkek
19-январда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары өлкөбүздүн мыкты спортчуларын тандоо максатында уюштурулган "Sports Awards 2018" V маарекелик салтанатына катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары кыргыз спортунда ийгиликтер арбын болуп жатканына токтолуп: "Алсак, 2018-жылы биздин спортчуларыбыз ири эл аралык спорттук иш-чараларга катышып, алардын ичинен кыргыз желегин бийикте желбиреткендер көп болду. Айрыкча, Жайкы Азия оюндарында катышкан улан-кыздарыбыздын жетишкен жеӊиштери баарыбызды сыймыктандырып, спортчуларыбыздын шыгына-шык, демине дем кошту", - деди.
Андан тышкары, Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу да кеп салган Дастанбек Жумабеков: "Бул ири спорттук иш-чара кыргыз элинин гана эмес, дүйнө элинин улуттук спортунун өнүгүшүнө өбөлгө болуп, эзелкини эске салган маданий маарекелер менен коштолду. Ага жетимишке жакын мамлекеттин алдыӊкы спортчулары катышып, көгүлтүр Ысык-Көлүбүздүн жээгинде күч сынашты", - деп кошумчалады.
Ошондой эле кыргыз спортунун келечеги кеӊ экенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы: "Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы төрагасы, маркум Мурат Саралиновдун урматына арналып өткөрүлүп жаткан бүгүнкү азем бардык спортчулар үчүн өтө маанилүү. Анткени, Мурат Саралинов кыргыз спортунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон мекенчил инсан болгон. Анын атын түбөлүккө калтыруу максатында мындай иш-чаралардын арбын өткөрүлүп туруусу абзел", - деп билдирди.
Муну менен катар Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров сындуу залкар спортчулардын жолун улаган мыкты улан-кыздар өсүп чыксын деген тилегин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков быйыл да бул жаатта ийгиликтер арбын болоруна ишенерин кошумчалады.
"Спортчуларыбыз талыкпаган эмгектин, тынымсыз аракеттин арты менен ийгиликке жетишет. Албетте мамлекет да аларды колдоого алып, керектүү жардамдарды берип турушу керек. Анткени, спорт бул өлкөнү таанытуунун негизги жолдорунун бири" - деген Дастанбек Жумабеков Мээрим Жуманазаровага КР Улуттук олимпиада комитетинин жана Topsport.KG сайтынын тандоосу менен 2018 – жылдын Олимпиадалык спорт боюнча «Мыкты спортчу айымы» наамын ыйгарды.
Белгилей кетсек, "Sports Awards 2018" салтанатынын алкагында Кыргызстандагы алдыӊкы спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылып, мыкты машыктыруучуларга да байгелер берилди.  скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив