Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарында жаныдан курулган ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарында жаныдан курулган ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинин ачылышына катышты

03 ноя 2018, 15:59    bishkek
2-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы ден соолуктуу чыӊдоочу спорт комплексинин ачылышына катышты.
Жалпы аянты 2,5 миӊ чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат "Газпром-Балдарга" программасынын алкагында курулган Кыргызстандагы тогузунчу спорт комплекси болуп эсептелет. Буга чейин өлкө боюнча ушундай сегиз жай курулган. Баардык комплекстер спорттун көп түрү боюнча машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Спорт комплекстин ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүндө жарандардын ден-соолугуна кам көрүү башкы маселелердин бири экенин белгилеп: "Өсүп келе жаткан жаш муундардын саламаттыгын чыңдоону өлкөнүн жаркын келечегин камсыздоо аракети катары караганыбыз оң. Себеби, жаштар - биздин келечек. Ден-соолугу чың адам гана өсүп-өнүп, ийгиликтерди багынта алат", - деди.
Ошону менен катар, Жалал-Абад облусунан чыккан Раатбек Санатбаев, Эрбол Бакиров өӊдүү кыргыз спортунун мыктылары тууралуу сөз кылган Төрага: "Бүгүн ачылып жаткан ден соолуктуу чыңдоочу спорт комплексинен да облустун эле эмес, жалпы республиканын атын алыска тааныткан, желегебизди эл аралык таймаштарда желбиреткен эр-азаматтар чыгат деген үмүттөмүн. Бул жай бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган экен. Жаш спортчуларыбыз тынымсыз аракет жана талыкпаган эмгек менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктү толук пайдалануусу шарт", - деп кошумчалады.
Ошондой эле жаӊы спорт комплекси Жалал-Абад шаарынын калкына берилген чоӊ белек экенин айткан Жогорку Кеӊештин Төрагасы көрсөткөн көмөгү үчүн "Газпром-Кыргызстан" жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Андан тышкары, Президент тарабынан демилгеленген Аймактарды өнүктүрүү жылында жасалып жаткан иштерге токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков: "Мамлекетибиздин башкы максаты калктын социалдык-экономикалык абалын чыӊдоо менен татыктуу жашоону камсыз кылуу. Андыктан, ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлорду ийгиликтүү улантып, биргеликте аракет кылуубуз кажет" - деди.
Белгилей кетсек, спорт комплексинин ачылышына Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айнура Осмонова, Таалайбек Масабиров, Азизбек Турсунбаев, Максатбек Эгембердиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев катышты.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 23 февраля 2019 12:06
Cephalexin And Breastfeeding Effects cialis 5 mg Cheapest Doxycycline Uk
Гость Jeakage от 12 марта 2019 14:39
Viagra 100mg Kosten Cialis Eccipienti cialis for sale Canda Pharmasey Male Enhancement Buy Doxycycline Acne Buy Viagra Uk Tesco 247
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив