Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Эмомали Рахмон Өзбекстанга 17-августта барат

Эмомали Рахмон Өзбекстанга 17-августта барат

13 авг 2018, 10:06    bishkek
0 комментарий   
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен 17-18-август күндөрү барат. Бул тууралуу өзбек мамлекеттик басылмалары жазышты.
Kun.uz агенттиги өз булактарына таянып, сапардын алгачкы күнү Ташкентте эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда ири иш-чаралар өтө турганын кабарлады. «18-августта Эмомали Рахмон Самаркандга барат», - деп жазды басылма.
Өзбек ЖМКлары Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары маалында 20дан ашык документке, анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк тууралуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууларга кол коюла турганын билдиришүүдө.
Эмомали Рахмон акыркы жолу мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга 1998-жылы барган. 2016-жылы тажик мамлекет башчысы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тажиясы үчүн Самаркандга барып кеткен.
Быйыл 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу 27 документке, анын ичинде 30 күндүк визасыз режим жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган.
Былтыр эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 126 миллион долларга жеткен. 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 12 миллион гана долларды түзгөн.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;