Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » «Акылдуу эсептегичтерден» күнүнө 2,5 миллион сом кимдин чөнтөгүн кампайтып келет?

«Акылдуу эсептегичтерден» күнүнө 2,5 миллион сом кимдин чөнтөгүн кампайтып келет?

10 авг 2018, 12:03    bishkek
0 комментарий   
Экс-президент А. Атамбаевдин доорундагы энергосекторго киргизилген жаңылыктардын бири – бул акылдуу эсептегичтер болду. Башкача айтканда, индукциялык эсептегичтер электрондук эсептегичтерге алмаштырылды. Бул эсептегичтерди «акылдуу» деп атап алдык. Себеби, ал эсептегичтер орнотулгандан кийин, контролердун кереги жок болуп калды. Мурдагыдай контролер менен сүйлөшүп, эсептегичти аркага жылдыруу деген көрүнүштөр токтоду. Электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөбөгөндөрдүн электр энергиясы автоматтуу түрдө өчүрүлүп калды. Ошентип мамлекетке келтирилген зыяндар азайды. Бирок, эмнегедир керектөөчүөр мурдагыга караганда көбүрөөк каражат төлөй башташканын байкай башташты. Бул тууралуу ММК булактары да жазып чыгышты. Буга энергоконтора өтө митайымдык жол менен жооп кылышты. «Бизге өзүңөрдүн эсептегичтерди алып келгиле, биз аны ачып карап көрөбүз. Андан кандайдыр бир манипуляциятабылса, ким күнөөлүү экенин таап, аны жазалайбыз. Ал эми бизге ким ишенбесе, көз карандысыз лабороторияларга алып барсаңар болот» дешти. Айрым жарандар ошондой кылышты. Бирок, эч нерсе табылбады. Жөн гана элибиз нааразы болуп, акыры ал да унутулуп калды. Бирок, андан көп өтпөй эми эсептегичтердин өзүндө эч кандай өзгөрүүлөр болбой тургандыгы, ага таасир алыстыктан жасалары тууралуу маалыматтар чыкты. Түрдүү облустардан энергетика инженерлери, программисттер, башкаруу системасынын адистери жана башкалар баш болгон адистер чогулуп, «акылдуу эсептегичтер» боюнча чындыктын түбүнө жетүүнү көздөшкөн. Алардын экспериментинин жыйынтыгында дагы бир параллелдүү акылдуу эсептегич энерготүйүнгө туташканы белгилүү болду. Болгону бул эсептегичте Энергоконторанын башкаруу борбору менен түрдүү байланыштар жабылып коюлган. Муну компьютердик технологиянын жана маалыматтарды эсептөө каражаттарынын адистери жасашкан. Айтылган эки акылдуу эсептегичтин жана Энергоконторанын башкаруу пультунун ортосунда интернет технология боюнча байланыш түзүлгөн. Мына ушунун негизинде эсептегичтерди алыстыктан башкарууга болот. Мындан сырткары дагы башка байланыш протоколдору бар. Белгилей кете турган жагдай, электрдик зымдар боюнча интернет өткөрүү көп жылдан бери эле бар. Ушул сыяктуу баардык мүмкүнчүлүктөр энергетиканын үлүшчүлөрүнүн байып алуусу үчүн жеңил ыкмаларды түзүп берет. Схема мындай: программист же программисттердин тобу ар бир эсептегичке белгилүү бир пайызда автоматтык түрдө ашыкча айланып тура тургандай программаны түзүп берет. Мындай программанын баасы 10 000 ден 50 000 долларга чейин бааланат. Ошентип, «контролдук» эсептегич Энергоконтора тарабынан коюлган эсептегичке караганда 30%ка электр энергиясын колдонуу тууралуу көрсөткөн. Демек, ошондо калктын электр энергиясын колдонуусунан күнүнө болжол менен 2,5 миллион сом энергетика тармагын тейлегендер уурдайт. Мындай цифраны алуу үчүн мамлекетибиздеги акылдуу эсептегичтердин саны жана төлөнө турган каражаттын орточо суммасы алынган. Демек, А. Атамбаевдин убагында ошондо канча миллиондогон сомду карапайым эл электр энергиясы үчүн ашыкча төлөп келген болот? Анын баары кимдин чөнтөгүнө түшүп турган?скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;