Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Орун басары камалган маалда шаарды таштай качкан Албек Ибраимовго депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Орун басары камалган маалда шаарды таштай качкан Албек Ибраимовго депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

13 июл 2018, 14:51    bishkek
0 комментарий   

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, шаар мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Сессияга 40 депутат катышса, ошонун баары А. Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдогону маалым болду.

Чукул чогулуунун себебин шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев Бишкек шаарындагы саясий абал, мэриянын иши, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери менен түшүндүргөн. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуш кылган. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында Албек Ибраимов өзүнүн биринчи орун басары камакта жаткан учурда шаарды таштап кеткен.

«Мен өзүм да КСДП фракциясынанмын. Албек Ибраимовду биздин фракция мэрликке талапкер катары көрсөтүп, абдан колдогонбуз. Ошондуктан биз жоопкерчиликти сезип, чукул сессияга чогулдук. Шаарда ушундай кырдаал болуп калганда мындан да жаман кырдаал түзүлбөсүн деп кабатырланып атабыз. Анткени кышка даярдык болушу керек, күзгүгө ар кандай иш-чараларды өткөрүш керек, биринчи орун басары камакта жатса, ушундай мезгилде өзү шаарды таштап кетип калганы туура эмес, - деди ал.

Мына ушул шаардык кеңештин чечими боюнча Албек мырза өзү кайсы бир талаада туруп алып, кайрылуу жасады. Кыскача айтканда, ал бул чечимди «саясий заказ» деп атады. Бирок, мунун эч кандай саясий заказ эмес экенин коомчулук көрүп турат. Аны шаардык кеңештин төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаевдин айткандары ырастап турат.скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;