Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Издөө
» » Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсепке бир жума ичинде 134,9 млн сом которулду 

Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсепке бир жума ичинде 134,9 млн сом которулду 

11 июл 2018, 14:10    bishkek
0 комментарий   


Май айынын орто чендеринде президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну тапшырган эле. Ага ылайык Башкы прокуратуранын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөрүп, натыйжада Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Ошентип коррупционерлерден кайтарылган каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 3-июлда кол койгон.
Бул эсепке Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жана ИИМ коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды салышы керек.
Ошентип атайын эсеп ачылгандан кийинки бир жума ичинде эле ага Башкы прокуратура 39 млн сом, ал эми УКМК 95,9 млн сом которгону белгилүү болду. Бул акчалар өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. Ошентип коррупцияга каршы күрөштөн канча каражат түшүп атканы жана ал кайда жумшалып атканы коомчулуктун көз алдында болуп турмакчы. 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;