Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Конгантиевдин кантип жоопкерчиликтен кутулганын А. Атамбаевден сураш керек

Конгантиевдин кантип жоопкерчиликтен кутулганын А. Атамбаевден сураш керек

10 июл 2018, 14:31    bishkek
0 комментарий   

Мурдагы ИИМ министри, генерал Молдомуса Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан токтотулгандан кийин экс-президент А. Атамбаевдин маалыматчылары «Бүгүнкү бийлик бакиевчилерди жазадан куткара баштады» деген маалыматтык саясатын жүргүзө баштады. Ырасында эле ошондойбу? Мына ушуну аныктап көрүү өтө деле кыйын эмес.
Биринчиден, М. Конгантиевге карата кылмыш иши 2010-жылы эле козголгон. Андан бери карай 8 жылдан ашуун убакыт өттү. Ошол 2010-жылы М. Конгантиевдин ден-соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулган. Бирок, анын саламаттыгы калыбына келгенден кийин деле А. Атамбаевдин убагында ал кылмыш иши боюнча эч кандай териштирүү жүргөн эмес. Эмнеге?
Себебин ошол убакта эле, тактап айтсак 2011-жылдын 11-ноябрындагы санында «Ачык саясат плюс» гезити жазып чыккан. «Азыр болсо, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, Конгантиевге тиешелүү бир дагы кылмыш ачылбаганы таң калтырбай койбойт. Көрсө, шайлоо маалында Конгантиев буту үзүлгөнчө Атамбаевдин артынан чуркаптыр. Алмаз мырза муну теледебаттарда мойнуна алган. Ушундан улам суроо жаралат: Атамбаев менен Конгантиевдин ортосунда кандай айырма бар – башка адамдардын каны кимисинин мойнунда? Бийликке элдин каны менен келген Атамбаев жана эл менен эсептешпеген Конгантиев жакындан достошуп, ырахаттанып отурушканы канчалык адепке сыят?», - деп жазылган анда.
Демек, Конгантиев ошондо эле Атамбаевдин тилин таап, жоопкерчиликтен кутулуунун жолун таап койгон. Болбосо дээрлик алты жыл ичинде Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши териштирилет эле го. Андыктан бул маселени биринчи кезекте АШАнын өзүнөн сураш керек. 
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;