Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Коррупционердин илдети: Абактагы Ж.Сатыбалдиевдин кан басымы жогорулап, үй камагына бошотууну суранууда

Коррупционердин илдети: Абактагы Ж.Сатыбалдиевдин кан басымы жогорулап, үй камагына бошотууну суранууда

10 июл 2018, 10:49    bishkek
0 комментарий   
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупцияга айыпталып камакка алынган экс-чиновниктердин саны ондон ашканын билебиз. Алардын катарындагы үлкөндөрдүн бири – экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүнкү күндө ден-соолугун шылтоолоп, ооруканага чыгып кетүү аракетин көрүп атканы белгилүү болду. Кыйноолорду алдын-алуу Улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулаймановдун айтымында Ж. Сатыбалдиев кан басымынын көтөрүлүп кеткенин жана системалык медициналык көзөмөлгө алынышы керектигин айтып, ооруканага которууну суранууда. УКМКнын СИЗОсунун администрациясы Ж. Сатыбалдиевдин кан басымын стабилдештирүү үчүн керектүү дары-дармектер берилип атканын билдирет. Бирок, Жантөрө мырза болбой эле ооруканага чыгып кетүү аракетин жасап атканы билинди.
Дагы бир экс-чиновник О. Артыкбаев СИЗОдо астма пристубуна кабылып, ооруканага чыгарылганы белгилүү болду.
Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков болсо, ден-соолугуна да, камактагы шартка да даттанбастан, учурда кыргыз тилинде сүйлөөсүн жакшыртуунун үстүндө аракеттенип атканын анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
Ал эми Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев болсо спорт залда машыгуу менен алек болуп жатканын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирет.
Айтор, коррупциялык иш-аракеттеринин ачыкка чыгып калуусу экс-чиновниктерге түрдүү таасир тийгизип атканын айтып коелу. Бири ооруп калса, бири тескерисинче «убакыт болуп атканда тил үйрөнүп алайын, машыгып алайын» деп чыйралууда.
Балким, дагы бир аз убакыт өтсө, бул аттары аталган төртөө биригип «Кантип коррупцияга аралашпаш керек?» деген аталыштагы китеп жазууга киришип калышаар. Ошондо алар өзгөчө эмгек жасашкан болот эле.
 скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;