Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Атамбаевдин командасы жок, жалгыз калды

Атамбаевдин командасы жок, жалгыз калды

13 июн 2018, 14:07    bishkek
0 комментарий   

Өткөн жумадагы окуялар менин мурда айтып жүргөн сөздөрүмдү тастыктады. Атамбаевдин тушунда түзүлгөн соттук-репрессия кылуучу машина акыры бир күнү өздөрүнүн башына муш болуп тиймек. Мен кандайдыр бир кылмыш иштери эле козголбостон, ал камакка алуулар менен коштолоорун жаздым эле.
Ошого карабастан, мен сот тармагында буга чейин калыптанып калган схемалар бузулуп, судьялар калыс жана таза болушуна ниет кылуудамын. Мунун орто мезгил аралыгындагы негизги максаттардын бири экендигин буга чейин Сооронбай Шарипович да белгилеген. Ошондуктан, бул багыттагы жылыштарды жалпы эл талап кылып, күтүп жатат. Жалпы эле укук коргоо органдары дагы тазаланууларга муктаж. Албетте, бул бир ай же бир жылда боло калчу нерсе эмес, бирок максаттар алдыга коюлгандан кийин, анын жыйынтыгын күтүүбүз эле калды. Себеби – реформа мурдагы бийлик тушундагыдай квартираларды таркатып берүүнү эле түшүндүрбөйт: системдүү, сапаттуу өзгөрүүлөр керек. Иш ыргагын жана процедураларды гана тартипке келтирбестен, кызматкерлердин акыл-эсинде өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл.
Камакка алынгандар боюнча айта турган болсом, адам катары аларга боорум ооруйт, айрыкча, Кубанычбек Кулматовго. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүрткөн, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган саясатчы катары аларды аёого акым жок. Бул мыйзам ченемдүү жыйынтык, ошондуктан алар үчүн акыйкаттуу жана гумандуу сотту каалайм. Мурунку режимди сындап, адилетсиз кыйноого алынган мен, башка саясатчыларга окшоп ойдо жактан өлчөнгөн жазаны эмес, кылганына жараша алышсын.

Мен Атамбаевге андан ыдык коргон саясатчыларды чогултуп, жарашып, кечирим суроосун сунуштагам. Бизди актап берүүсүн суранган да жокпуз, муну соттор учуру келгенде өздөрү ишке ашырат. Биз болгону адам катары кетирген катачылыктарын моюнга алышын күткөнбүз. Бирок, ал буга барган жок. Жыйынтыгында Атамбаев жалгыз калды. Элдин баары андан кача баштады. Азыр го кача баштаптыр. Бир аздан кийин майрамы менен куттуктап, телефон чалмак тургай, салам бербей калышат. Бул туура эмес да. Убагында жолугушкусу келбей, кечирим сурабай койгон адамдар азыр аны колдомок да, жок дегенде моралдык жактан. Анын учурунда камалгандар эч нерседен коркпогон, көк жал азамат адамдар. Кийинкисинен коркпой, чындыкты айткандан тартынышпайт. Мына ошол баатыр мүнөздөрү үчүн азап тартышкан.

Ар ким өз жолун өзү тандайт. Атамбаев да өз жолун тандады. Мен, элден чыккан адам катары азыр объективдүүлүктү жана акыйкаттуулукту гана каалайм, башка эч нерсенин кереги жок.

Кошумчалап кете турган нерсе, коомдук-саясий кырдаалдын курчушу, тополондор – суу кечпеген бош сөздөр. Атамбаевдин командасы калган жок. Айрым жакындары, бир туугандары калса калгандыр, бирок булар команда боло албайт. Саясаттагы команда эл ичинде кадыр-баркы, салмагы бар, элди ээрчитип кете ала турган, ишениминен чыкпаган адамдардан турса көркүнө чыгат. Мындай адамдардын Атамбаевдин тегерегинен көрбөй турам…

Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын экс-мэри
 


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;