Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Игра Сапара Исакова с китайским гигантом TBEA «смертельна» – за долги придется отдавать приграничные земли…
Нет так страшен Суракматов, как его малюют…
Издөө
» » Улукбек Марипов: « Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилди»

Улукбек Марипов: « Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилди»

13 июн 2018, 13:31    bishkek
0 комментарий   
Эсептөө палатасы 2017-жылы жалпысынан 2673 аудит объектисине текшерүү жүргүздү, анын ичинде бюджеттик мекемелер – 1884, чарбалык субъектилер – 436, дагы башка субъектилер – 7, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган субъектилер – 346. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште 2017-жыл үчүн Эсептөө палатасынын иши жөнүндө анын төрагасынын отчету угулуп жатканда билдирди.

«Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 2 млрд 153 млн сомдук каржы тартибин бузуу фактылары аныкталды, бюджеттин резерви жана жоготуу – 9 млрд 471 млн сом, сарамжалсыз пайдаланган каражаттар – 351 млн сом, сарамжалсыз пайдалануудан улам ордуна коюла турган каражат – 2 млрд 594 млн сом. Ушу тапта 2 млрд 11 млн сом ордуна коюлду же ал 80 пайызга аткарылды», - деди Улукбек Марипов.

Андан тышкары, 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилгени белгилүү болду. «Текшерилген субъектилерге берилген 886 эскертүү толугу менен аткарылды, 230 эскертүү жарым-жартылай аткарылды, 102 эскертүүнүн мөөнөтү өтө элек, ал эми 79 эскертүү аткарылган жок», - деп кошумчалады Улукбек Марипов.
Жогорку Кеӊеште 2017-жыл үчүн Эсептөө палатасынын иши жөнүндө анын төрагасынын отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;