Maalymat.kg
Экс-президент Атамбаевдин Африканын Уганда өлкөсү менен менен байланышкан коррупциялык былыгы ачыкка чыкты
Съеденные китайские кредиты Атамбаева
Атамбаев доорунда соттордун «атасына» айланган Манас Арабаев качан мыйзам алдында жооп берет? 
Камчыбек Жолдошбаев: “Мага караштуу делген үй – бюджетте иштегендер жана кызматкерлериме ипотекалык негизде салынып жаткан курулуш ”
«Газпром-Кыргызстан» имел своих высокопоставленных покровителей во власти
Как «шоопур» Илмиянов с помощью своего родственника Аширбая Жусупова обманул российских инвесторов
Нариман Түлеев Данияр Нарымбаевди сабап, оозун канжалата муштады
Как Нариман Тулеев «кинул» художника?
Лейла…История одного продажного журналиста
Гульнура Торалиева: Пусть арест Сапара Исакова, будет уроком для прежних властей!
«Я в шоке!»: Сапар Исаков станет первым премьер-министром, ставшим фигурантом уголовного разбирательства
Атамбаев велел уволить «Раима-миллиона», который теперь «миллиардер» из-за того, что тот не отметился перед ним 15 миллионами долларов?
Издөө
Автордук макалалар
  •   Манас Саматов: “Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек”
  •   Коррупция менен күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери менен Кыргызстан кандайча айырмаланып турат? 
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  • » » Текебаевдин иши үчүн президент сот ишине кийлигишүүсү керекпи? 

    Текебаевдин иши үчүн президент сот ишине кийлигишүүсү керекпи? 

    13 июн 2018, 11:11    bishkek
    0 комментарий   

    “Ата-Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн жана аталган партиянын абактагы лидери Ө. Текебаевдин адвокаттарынын логикасы өтө кызык болууда. Жакында эле Башкы прокуратура Ө. Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул боюнча башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева маалымат булактарынын бирине мындай комментарий берген:
    “Адвокаттар арызда көрсөткөн жагдайлар негиз катары соттун жүрүшүндө каралган. Ошондуктан Кылмыш-процессуалдык кодекстин 384-беренеси боюнча жаңы ачылган жагдайлар катары ишти кайра кароого негиз жок”.
    Баш прокурор Ө. Жамшитов да буга чейин Ө. Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо тапшырмасы берилгенин жана ал мыйзами алкагында караларын билдирген. Демек, башкы “атамекенчинин” адвокаттары берген арыз мыйзам чегинде каралып, ал ишти кайра кароого негиз жок экендиги билинди.
    Бирок, “атамекенчилер” болбой эле “Мына бул бийлик да болбой калды” деген сыяктуу пикирлерди жаратууга жандалбас кыла башташты. Алар муну менен эмнени талап кылып жатышканын билишеби?
    Президент соттордун ишине кийлигишкенге акысы жок. Муну “атамекенчилер” эң сонун билишет. Жакында эле “Ата-Мекен” фракциясынын лидери А. Шыкмаматовдун ишин кайра кароо боюнча соттун чечими чыкты. Буга да президент кийлигишкен жок. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында гана ушундай чечим болду. Бирок, аны “атамекенчилер” азыр эстегиси келбейт.
    Же алар президенттин сот иштерине кийлигишүүсүн каалашабы? Анда мурунку бийликтерден кандай айырмасы бар болуп калат? Же Текебаев, Саляновалардын иши боюнча гана президент соттун ишине кийлигишүүсү керекпи? “Атамекенчилердин” логикасы ушундай эле болуп атпайбы.

    Эгерде биз ар бир камалган саясаты үчүн ушундай талаптарды кое берсек, анда акыры барып ким жаманатты болот? Албетте, президент гана. Өзүбүз аны соттордун ишине кийлигишүүгө түртүп жаткан болуп калабыз. Андыктан, ар бир адам мыйзамды сыйлап, бийликтен ашыкча нерселерди талап кылууну токтотуубуз керек.

    скачать dle 12.0

    Maalymat.kg



    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив