Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Сапар Исаковдун дагы бир «кураторлугу»: Чолпон-Атадагы ипподромду курууда 202 млн сом максатсыз коротулган 

Сапар Исаковдун дагы бир «кураторлугу»: Чолпон-Атадагы ипподромду курууда 202 млн сом максатсыз коротулган 

13 июн 2018, 10:54    bishkek
0 комментарий   

Тарых музейин реконструкциялоого куратор болгонун убагында Сапар Исаков аябай сыймыктануу менен телеканалдардын бирине айтып берген эле. Анан ал жактан жыгачтан жасалган ат 14 000 евро, бир устун (инсталляция) 600 долларга бааланган сыяктуу коррупциялык элементтер калкып чыкты.
Ошол сыяктуу эле Сапар мырза кураторлук кылып курулган Чолпон-Атадагы ипподромдон да ири суммадагы акча каражаттары максатсыз коротулганы белгилүү болду. Тактап айтсак, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан келген материалдардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, контракт түзүү) жана 171-берене (ишенип тапшырылган мүлктү өзүмдүк кылып алуу же жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул иш Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду жана дене тарбиялык-саламаттыкты чыңдоо комплексин курууда баалардын көбөйтүлүп көрсөтүлүшү фактысы боюнча козголгон.
Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн курулушка финансы министрлиги тарабынан 1 млрд 584 млн сом бөлүнгөн. Бирок, курулушта акча каражаттарын максатсыз пайдалануу жана жумуштун баасын көтөрүп көрсөтүү фактылары табылган. КР Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 202 млн 814 миң сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө бул ишти иликтөө тапшырмасы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.  
Демек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эми бул иш боюнча да мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш болот.  




скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;