Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору: «Баардык аракетибиз улуттук университетти көтөрүүгө багытталат”

Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору: «Баардык аракетибиз улуттук университетти көтөрүүгө багытталат”

13 сен 2019, 11:32    bishkek

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен кыргыз флагманы деп аталган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бир канча жыл талаш-тартыш, чырлар менен коштолуп келди. Акыркы эки жылдан бери окуу жайда бир нече өзгөрүүлөр болуп, өнүгүү үчун кадам таштагандай.Мына ушул окуу жайдагы жаңылыктар жана башка маселелер тууралуу университеттин ректору Канат Жалиловичти учкай кепке тарттык.

--Билим берүү системасындагы азыркы эӊ чоӊ проблема – бул коррупция. Улуттук университеттин деле дарегине сындар айтылып келген?. Сиз келгенден бери коррупцияны жоюуга аракет кылдынызбы, кандай иштер аткарылды?

--Студенттердин ѳздѳрүнүн ачык кайрылууларын же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу келген билдирүүлѳрүн биз карап турабыз. Бул боюнча, 2017-жылы келгенде кѳп эле суроолор, нааразычылыктар болгон, ѳзгѳчѳ жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткен студенттердин ѳздѳрүнүн кайрылуулары же репортер катары ѳздѳрү тартып алган сюжеттер болгон. Азыр деле жылына 3-4 ушундай жагдайлар катталып калат. Алтургай мугалимдер тарабынан болгон кысымдар же болбосо студенттерден мыйзамсыз акча чогултуу деген сыяктуу. Ошол жылдардагы акыбал чынында аша чапкан жемкорлукту, коркунучтуу деп айтсак болот. Бирок, эӊ негизгиси, бул эмне себептен пайда болуп жатканын биз карап кѳрдүк. Студенттер ѳздѳрүнүн укуктарын, окуу процессинде технологиялар кандай талап кылат жана ал технологияларды канчалык түрдѳ кыйналбай, ачык түрдѳ, ушундай жардам сурап, ѳздѳрүнѳ жеӊилдетүү процессинин жүрүшүн байкадык. Бизде, мен келгенден баштап, AVN кайрадан электрондук жана көзөмөл системасы, сессия учурунда болгон бүт процесстерди ѳз учурунда ачык регистрацияларды жүргүзүп, аны жакшыртуу жагына бир топ каражаттарды жумшадык. Жаӊы система болсо студенттер үчүн дагы, мугалимдер үчүн ачык система катары бүт процедураларды туура аткарыла баштады. Андан тышкары, биз декандар менен процессти кѳзѳмѳлдѳѳчү кызматтар менен сүйлѳшүп кѳрдүк, эӊ негизгиси, бул – студенттер ѳз учурунда, жетишпей калган мѳѳнѳттѳ так аткарылбай калса, чектѳѳлѳр кѳп болчу да, сессиясын тапшыра албай калгандан кийин эле кайра тапшыруу маселеси, кандай түрдѳ тапшырылат, ачык түрдѳбү, жабык түрдѳ тапшырганга аракет кылабы, атайын алар үчүн мѳѳнѳт болбогону үчүн, ошондой кѳп процесстермыйзамдын чегинде башкаруу болбогондуктан биз атайын мүмкүнчүлүктѳрү жетишпей калган студенттер үчүн атайын түздүк Ошондой элебизде кассада накталай акчалар айланып турчу мурун, студенттер өзүнүн акча төлөмдөрүн, мисалы: окуу үчүн төлөгөн учурда кассадан накталай акчаларды төлөп, кезек күтүп турчу, кээ бир учурларда же менеджер чогултуп, убагында тапшырбайже деканат тарабынан, же студент өзү алган справкалары дагы так эмес болуп калгандыгы үчүн биз ошонун баарын жоюп, төлөмдөрдүн баарын терминал аркылуу киргизип койдук. Терминал өзү түз банк дүмүрчөгүн берет, ошол талондун негизинде эч кандай накталайакчалар студенттердин колдорунан башка мугалимдердин же ортодогу окуу процессти көзөмөлдөгөнменеджерлергеберилбейт. Ошого караштуу окуу процессте студенттерде нааразычылыктар азайганын байкадык, 2 жылда жалпы жоюлуп кетти деп айта албайбыз, анткени тирүү процесс болгону үчүн, кээ бир учурларда стуенттер ооруп калышат, кээ бир учурда үй-бүлөлүк шарттар боюнча биздин Кыргызстандан чыгып кетип, жардам беребиз, иштейбиз деген учурларда кайра кайтпай калган фактылар да болгон жана болуп жатат. Анан ошонун баарын туура регулировка жасаган учурда да жетишпей калган учурларда, балким, кыйынчылыктар биздин жалпы регулировкагамыйзам түрүндө жетишпей калган жылчыктар болушу мүмкүн. Бирок, биз ушул 2 жылдын ичинде негизи ушул процесстерди ирээттегенге жетиштик. Негизи бул жерде мындай, коррупция менен курөшүү бирөөнү колунан кармап, пара алып жаткан жеринен фиксация кылып, бирөөнү жазалоо эмес. Коррупция менен күрөшүү бул-системанын өзүндөтуура эмес коррупцияны туудурган, же ошого себеп болгон жетишпегендикти жоюу да. Анан ачыктык керек, мисалы: мен да анализдеп көрүп студенттердин кайрылуусу, балким, кээ бир учурларда мага жетпей калышы да мүмкүн. Мын азыркы учурда сайтта “Ректорго ачык кат” деген атайын рубрика ачылды.Мага түз кат жазганга мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул катты ачык баары көрө албайт, мен гана окуп чыгам. Эгерде далил болсо, бул жерде адреси, студенттин курсу, же болбосо биз билген проблема жоюлбай жаткан болсо, биз ошону жеке чакырып, далилдеп, ошого карата чара көрүү аракеттерин баштадык. Мен ойлойм, бул ачык кат өзүнүн пайдасын берет. Жаңы технологиялардын негизинде мүмкүнчүлүтөрду түзүп бердик. Менимче, мындай шарттардын негизинде коррупциянын себептерин жоюуга мумкүнчүлүк түзүлөт.

--Учурдагы билим берүү тармагынын сапатына кандай баа бере аласыз?

--Сиздер бул туурасында жакшы билесиздер. Билим берүүнүн сапаты, деңгээли боюнча жалпы республикалык тестирлөодөн айырмаланат. Тестирлөөдөн эң жогорку балл топтогон окуучунун саны 52 болсо,анын 45 Бишкек шаарында, ошол 45тин ичинде болгону 3-4 мектепалган багыты боюнча сапаттуу даярдап жаткан мектептер, кээ бирөөлөрү ата-энелердин кошумча төлөмдөрү менен даярдалган мектептер. Жалпы эле мамлекеттик мектептерде мугалимдердин айлыгы аз болгондугу үчүн аларда мүмкүнчүлүктөрү аз- болгондугу үчүн, региондордогу мектептерден саналуу гана 3-4 окуучу жетишкендик менен аяктайт. Ал эми бизде “Кыргыз-түрк: Сапат” лицейи, 69-мектеп, 13-гимназия алып карасак, сиздер сурап көрүңуздөр канча кошумча төлөм ата-энелерден алып, шарт түзүп окуучуларды даярдашат. Ал эми ЖОЖдордо ар кандай деңгээлде, бул окуу жайдын алган багытына жараша болот. Чоң педагогикалык университеттерди карап көрсөнөр жалпы мамлекеттин мкичинекей каражаты аркылшуу ишке ашат. Бизде деле химия, биология, физика жана математикафакультеттеринде бюджетте окуган студенттерге берилген каражат 26-28 миң сом жылына, демек,айына 2500 сом бөлүнөт.Өкмөт бекиткен рфессор, илимдин кандидаттарынын бюджеттик ставкасы 8000 сом, эми карап көргүлө 8000 ге кайсы профессор сапттуу билим бере алат. Экономикалык жана юридикалык факультеттен түшкөн каражаттар менен университеттин мугалимдерин багып атабыз. Эгер жылгыз эле юридикалык багыттагы окуу жай болсо, анда студенттерден түшөн акча каражаты ошол эле мугалимдерге берилет жана багытты оңдоогомүмкүнчүлүктөр көбөйөт. Буга экономикалык университетти да кошууга болот. Техникалык университеттин дагы деңгээли биздей эле, себеби, аларда дагы лабораториялык каражаттар жетишсиз. Жаңы заманбап технологиялар жетиштүү болуп, шарттар түзүлсө сапат да жакшырат. Көп профилдүү окуу жайларда маселе бирдей эле.

--Сапаттуу билим берүүгө эмне жолтоо болуп жатат?

--Бизде сабат жөнүндө сөз болсо, биз аксаган нерсе теориялык мугалимдердин өзүнүн билимиэмес, а ошол базалык, технологиялык жетишпестиктер бизди кысып жатат.Ошол үчүн ушундай маселелер көп. Анан эми улуттук университетте сапат өтө бийик деп айталбайм, бирок биздин студенттердин жетишкендиктерин ачык айтышыбыз керек. Мисалы,“Enactus”эл аралык сынактарда, улуттук университеттин студенттериреспублика боюнча, мына 3-4 жылдын ичинде дайыма биринчиликте жүрүшөт, эң кем болгондо 2-орунда. Өткөн жылы Америка кошмо штаттарында болуп өткөн эл аралык сынакта 3-4 орунга ээ болушкан студенттерибиз дагы бар. Ал эми азыркы эң негизги маселе бул бакалавр деңгээлинде бүтүрүүчүлөр, алар жалпы бирдей программа менен даярдалат, ар бир университетте бирдей стандарт менен беришет. Бирок ошол стандарттынөзүнүн дагы кемчиликтери бар. Ошол4-жылдык программанын ичинде, 1-жыл же болбосо 1,5-жылга чейин атайын даярдалган адистикке тиешеси жок болгон сабактар көп, өзгөчө 1- курста, 2-курстунжарымыначейин, мекепте окуп бүткөн, кайталанма сабактар өтүлүүдө.Жалпылап айтканлда мен ойлойм билим берүү тармагындагы сапатты жогорулатуу эки нерсеге байланыштуу. Биринчиси мамлекеттик университеттердин, көп профилдүү университеттердин материалдык, техникалык базасын мамлекет тарабынан колдоо аркылуу көтөрбөсө, кыйынчылыктар улана берет. Экинчиси жогоруда белгилегендей программаны өзгөртүп жаңы деңгээлдеги стандарттардыкиргизмейинче, биздин даярдалып жаткан бакалаврдагы деңгээлдери практикадан, өздөрүнүн профилинен алыстап кеткен учурларын байкап жатабыз.Бирок ал стандартты азыр жаңы муун издеш үчүн, бизге министрлик жана өкмөт университеттерге көбүрөөк эркиндик бериш керек. Анткени мына, улуттук университетте даярдалып жаткан, тарыхчылар, археологдор күчтүү мугалимдер бар. Аларга багыт боюнча көбүрөөк саат берүүгө, практикага чыгарып даярдаганга көбүрөөк каражаттар мамлекеттен тарыбынан берилиш керек жана стандарттарды, баардыгы бирдей болбой, биздин университеттин стандартындаөзүнчө бир өзгөчөлүк сакталыш керек, ошондо анан сапат өсөт.Ар бир университетти мисалыабитуриенттертөмөндөгүдөй критерй менен тандашат: кайсыл окуу жайдын программасы жакшыраак, профессионалдык жагы кандай, практтиуказлык иштери кандай жана башка ушул сыяктуу. Мына ушуларды эске алуу менен биз да болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз, мисалы журналисттердин берип жаткан практикалык базасы жакшыраак болуш үчүн жаңы теле-студия ачтык.Ошондуктан окуужайдын билим берүү сапатын орто деп айтыш бир аз копоол угулат. Маселен жеке менчик университеттерде миңдеген долларга чейин акча маяна алып жүргөн университеттерге, Америкадан же болбосо Европадан жакшы профессорлоду чакырып аларга сабак берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп коюшат. А бизде болсо өзүбүздүнмамлекетет ушул керек болгон химик, биологдорду биз Кыргызстан өзүбүз даярдабасакким даярдайт?Биз алар үчүн каяктагы каражаттарды таап алабыз.Мамлекет өзү 25000 сом берип жатса, жылына, айлыгын 8000 сом кылып жатса, анда калган жүгүн биз ректорлор, же менин командам кандай кылып чечиш керек?Кандай сапат болуш керек анда? Биз ошол үчүн жанакыдай, ар кандай ыкмалар менен аракет кылып жатабыз, бирок ал ыкмалар тез арада бүт сапатты оңдогоңго бизди ишендирбейт.


--Сиз эгержаңы министр дайындалып калса, Каныбек Исаков, системаны оңдоп кеткенге күчү жетеби же азыркыдай эле улана береби?

--Негизи министрден деле бир топ эле нерсе байланыштуу болот, позициясына. Мен профессионал катары жакшы билем ал кишини. Мен ойлойм азыркы маселелерди, таңстыктарды оңунан чечүүгө жардам берет деп, жаңы муундагы стандарттарды бекитип берүүгө. Кээ бир жанакыдай жөндөн жөн эле коюлган чектөөлөрдү алып салууга, кадам жасаганга эрки жетет. А бирок жалпы системаны оңдош үчүн, негизи биздин жалпы экономикабыз жакшы деңгээлде болуш керек, жана ушул бала-бакча деңгээлинен баштап баардык системаны оңдош үчүн жалпы коомчулукта өнүгүү жаңы деңгээлде болуш керек. Каражат жетишпегендик үчүн, мектептерибиз эски болуп жатат. Мектептердеги иштеп жаткан мугалимдердикайрадан жаңы деңгээлге көтөрүүгө биз мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз шарт. Алар эч жака кетпейт, ошол 10-жылдан бери өзгөрбөй, эски методика менен иштеп жаткан мугалимдерди күнөлөөгөн туура эмес. Аларга жаңы ыкмаларга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү милдет. Район же облус деңгээлинде кайра даярдоо сапатын жогорулатуу курстарын мамлекет тарабынан каражаттарды аябай берип, мугалимдердин деңгээлин көтөрүп туруп, анан мектептерге жөнөтүшүбүз зарыл. Азыркы заманга туура келген шарттарды түзүш үчүнмамлекет бир топ каражаттарды кайра мектептерди чыңдоого жиберип, а университет, колледждер болсо, эми бир аз ички саясаттарды, эркиндиктерди көбүрөөк берсе, биз өзүбүз өнүгүп кетебиз. Улуттук университетке дүйңөнүн ар тараптарынан бизди издеп келип , биз менен таанышып, чогуу программаларды иштеп чыгалы, биз жардам берели деген программалар азыркы учурда аябай көп.

Ороз Казиев

“Де – Факто”



скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив