Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Коррупцияга каршы күрөштө азыркыдай мүмкүнчүлүк болбой калышы ыктымал 

Коррупцияга каршы күрөштө азыркыдай мүмкүнчүлүк болбой калышы ыктымал 

12 июн 2018, 09:47    bishkek
0 комментарий   


(же коррупциянын кесепеттерине ретрореспективдүү саресеп)
     Түрк элдери өз тарыхтарында ондогон каганаттарды, империяларды курушкан, бирок алардын баарын өздөрү кыйратышкан. Анда эл башчыларынын, кол башчылардын коррупцияланып кетишкендери да чоң роль ойногон. Кыргыздар кытайлардын шыкактоосу, акчалары аркылуу уйгурлардын мамлекетин кыйратышса, Амир Темир арабдардан келген каражаттарга Алтын Ордону, ал эми Рим империясынан тымызындан алынган акчаларга 1405-жылы Түркиянын султаны Баязидди чапкан. Ага чексиз сүйүнгөн европалыктар Парижге “Европанын куткаруучусуна” деген салтанаттуу аталышта Амир Темирдин эстелигин тургузушкан, кийин аны Наполеон алдырып салган. Эгерде Амир Темир Баязидди жеңбегенде ал Европаны толук багындырып алмак.
        Көчмөндөр пара алууну билбеген, аларга анын кереги да жок болгон, ошон үчүн Чыңгыз хандын империясы 300 жылдан ашык жашаган, качан алардын башкаруучуларынын арасында  соодагерлер, сүткорлор басымдуулук кылып, баары сатыла баштаганда ал империя да жоголуу фазасына кирген. Араб халифаты да башкаруучуларынын бардыгы коррупцияга, жаман иштерге баштарына чейин малынганда кыйраган. Византияны жеңген түрктөр да алгач пара дегенди билишкен эмес, байлык үчүн эмес, ар-намыс үчүн өмүрлөрүн аяшпаган, казынага уруксатсыз кол салгандардын, байлык үчүн башкаларга сатылгандардын ошол замат баштарын алдырышып, даражаларына жараша алтын, күмүш, жез патнустарга салдырып, султандын сарайынын дубалынын түбүнө тизип коюшкан. Бирок отурукташып, араларында жекече пайдадан башканы ойлобогон ар кошкондор көбөйгөндө коррупция акырындап тамырлап, кызматтар, даражалар түгүл, султандын сарайына киргизүү, а түгүл айрым согуштардын жыйынтыктары да сатыла баштаган. Алсак, 1711-жылы июлда осмон-татарлардын 190 миңге жакын жоокерден турган армиясы Прут дарыясынын жанында орустардын Петр 1 башында турган 38 миң адамдан турган аскерлерин курчоого алып, жок кыла турган болуп калган. Бирок увазир Балтаджи Мехмед-паша орустардан аябагандай чоң пара алып, аларды курчоодон чыгарттырып жиберген. “Жоо аяган - жаралуу” дейт, анын чындыгын түрктөр көп өтпөй эле түшүнүшкөн. Эгерде ал жерде орус аскерлери талкаланып, Петр 1 туткунга алынса, Евразиядагы андан кийинки тарых кандай нукта кетмек, аны бир кудайдын өзү билет. Ошол убакта Осмон империясында алынган паралардын эсебин чыгарып, башкаруучулардын ортосунда бөлүштүрүп тура турган бухгалтерия да болгон. Ошол мезгилден тартып империя акырындап ыдыраганга өткөн, анткени анын башкаруучулары жеке пайдадан башка нерселерди ойлобой калышкан.    Конфуций адамдарды; 1) милдетке, жоопкерчиликке, намыска берилгендер, 2) жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөндөр деп экиге бөлүп, эч качан экинчи топтогуларды бийликке жакындатпоо керек деген мурас калтырган. Андан берки 3 миң жылга жакын убакыттан бери Кытайда ондогон династиялар түзүлдү, бирок коррупциялашып кеткендеринин бардыгы кыйрады. Ошондуктан азыркы Кытай бийлиги башкаруу органдарына кадрларды тандоодо меритократиялык системаны гана карманууда, акчанын аркасы менен кокустан бийликке келип калган бир да адам болбойт, коррупцияны “өмүрдүн же өлүмдүн маселеси” деп жарыялап, ага каршы элдешкис күрөш жүргүзүп келүүдө. Мамлекетке ири өлчөмдөрдө зыян келтиргендерди, чоң суммаларда пара алгандарды ким экендиктерине карабастан өлүм жазасына тарттырып, стадиондорго мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди чогулттуруп, алардын көз алдында аттырып, анан алардын ар бирине кеткен экиден октун баасын жакындарынан төлөтүп да алышат.
Мамлекеттин организминин иммунитетинин чеги да бар
        Эгерде адам биологиялык организм болсо, мамлекет социалдык тирүү организм. Адамдын организминде микробдор, бактериялар көбөйүп, үстөмдүк кылганга жетсе, ал адам оорудан өлөт. Ал эми мамлекеттин организминин мителеринин бири – коррупция. Бул чөйрөгө саресеп салышкан окумуштуулардын пикирлери боюнча, башкаруу чөйрөсүндөгүлөрдүн 5 пайызы коррупцияга аралашышса, ал элге байкалбайт экен, ал 15 пайызга жеткенде коомдун моралдык негиздери ыдырай баштайт, 25 пайызга жеткенде эл башкаруучуларына ишенбей калат, ал эми 45 пайызга жетсе, ал кайра кайткыс көрүнүшкө айланат. Анткени, бийликти, башкаруу органдарын бир коррупционерлерден тазалап, жакшынакай каалоо - тилектерди айтып, жаңыларын дайындап, мыйзамдарды канчалык өркүндөткөн менен кайра эле мурдагылардан калышпаган экинчи коррупционерлер келе берет. Андай коомду тегиз чырмаган дарттан революциялык чаралар (мыйзамдарды аябагандай катаалдатуу; коррупционерлерди пенсия укугунан ажыратуу, коррупционерди гана эмес, балдарын да мамлекеттик кызматтарга жолотпоо, аларга мунапыстарды таптакыр колдонбоо, өлүм жазасын киргизүү, атайын кызматтарга тоталдык аңдытуу, же люстрациялоо ж.б.) аркылуу гана арылууга болот. Башка чаралар жөн эле коомчулукту жооткотуп, өзүн-өзү алдоо гана болуп саналат.
        Биринчи качкын президент “сотторго калктын 80 пайызы ишенбей тургандыгын” өзү мойнуна алган. Экинчинин тушунда ал көрүнүш көбөйсө көбөйгөн, азайган эмес. Ал эми төртүнчү президенттин тушунда соттор президенттик аппараттын бир бөлүмүнө эле айланып, саясый союл катары колдонулуп кеткендиги эч кимге жашыруун эмес. Ток этерин айтканда, азыр бир да адам сотторго да, прокуратура органдарына да ишенбейт. Мен таптакыр пара албай, студенттердин билимдерине жараша гана баа койгон окутуучуларды көп эле көрдүм, мурдагы муундардын өкүлдөрүнөн советтик мезгилде пара деген эмне экендигин билбеген жетекчилер болгондугун, жетекчи кадрлардын 95 пайызы билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө, жекече салымдарына жараша дайындалгандыгын көп эле угам, бирок пара албаган сот, прокуратура кызматкерлери болот дегенди дегеле уга элекмин. Карынбайды кетиришсе, ордуна Капчыкпай келет, “комбайндан” эптеп кутулушса, темир-тесектерди да жутуп, аш кылып жиберчү “ажыдаар” анын ордун ээлейт. Мындан чыкты, реформа, судьяларды тандоо дегенибиз Тойбостор менен Койбостордун ортосундагы гана тандоо, аларды ары - бери калчоо гана болуп калат. Ал эми орундарды алмаштыра бергенден сумма өзгөрөбү?  Пара алганга көнүп, тиричиликтерин жалаң ошону менен өткөргөндөр - клиптомания дартына чалдыккандардай болуп калышат. Бирөөдөн бир нерсе алмайынча тура алышпайт. “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей, айлыктарын он миң долларга жеткирсе да көнгөн адаттарын ташташпайт. Аларга акыл - насаат айтып, мораль окуп, жакшынакай каалоо-тилектерди айтуу – крокодилге акыл айткандай эле нерсе. Алар бир гана нерсени таанышат, ал - катаал жаза. Анан кызматтарынан биротоло айдалып, үй-мүлктөрүнөн ажырап, түрмөгө түшкөндөн гана коркушат.
       Акыркы үмүт учурдагы президентте турат
        Ачыгын айтсам, кээде мен биздин мамлекетти аяп да кетем. Ал мага аёосуз эксплуатациядан, мээнеттен, кыйноолордон арыктап, көтөрөмдүккө жакындап калган уйдай сыяктанат. Жаңы тарыхыбыздан бери арыганы аз келгенсип, шыйрактарынан кулактарына чейин чымын-чиркейлер, биртке канын сүлүктөй соргон тойбос кенелер баскан жүдөгөн уюбузду кандай жолдорго гана салып айдабадык! Арып-ачып, көтөрөм болоюн деп калгандыгына карабастан авантюралык перманенттүү реформалардын өңгүл-дөңгүл, селдүү, таштуу, тикендүү жолдоруна салып алып, чейрек кылымдан бери тыным алдырбай кубалап келатабыз. Же андан жарытылуу жыйынтык чыксачы! Советтик мезгилде 15 субьектинин ичинде ортодон жогорку, динамикалуу өнүгүп келаткан республика болсок, азыр ИДПнын ар адамга чегештиргендеги көлөмү боюнча алардын баарынан артта калдык. Европанын экинчи дүйнөлүк согушта таш - талкандары чыга кыйраган өлкөлөрү 6-7 жылдын ичинде экономикаларын согушка чейинки деңгээлдерине жеткиришсе, биз 27 жыл өзүбүз билгендей чарба жүргүзүп, 1990-жылдагы деңгээлге да чыга албадык. Анткени, коомду коррупциянын сары чырмоогу биротоло чырмаган, башкаруу органдарында жоопкерсиздик, кайдыгерлик, эки жүздүүлүк нормага, көндүм көрүнүшкө айланды. Пассионардуу инсандарыбыздын дээрлик бардыгы ар жактарга тентип кетишүүдө, алар абалдын жакын ортодо оңолоруна ишенишпейт. Ошондон улам өкүнүчтүүсү, Кыргызстан акырындап эс-дарттары чет өлкөлөрдүн биринде турган студенттердин, кары-картаңдар менен жеп-ичкенден башканы билбеген, билгиси да келбеген “үйдө баатыр, жоодо жок” саясатчылардын гана өлкөсүнө айланып баратат. Отуз жылга жакын убакытта өз күчүбүз менен бир да ири обьектини кура албадык. Жада калса мурда курулгандарды оңдоп-түздөгөндү да кредиттердин, гранттардын эсебинен гана жүргүзүүдөбүз. Алардын көбүн да Тойбостор менен Койбостор жалмап коюшуп, карызга белчебизден эмес, мурдубузга чейин батырышууда. Мына ушуларды көрүп туруп кээде “биз чын эле өз алдынча мамлекет курганга жөндөмдүү элбизби, ага атуулдук потенциалыбыз жетишеби, же.....” деген шектүү ой көңүлүңө келгенде, денең муздай түшөт...
        Мына ушул өңүттөрдөн алганда, президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы элдешкис күрөш жарыялап, башкаруу органдарын эл үчүн иштетүүгө жасаган аракети - тарыхый эң акыркы улуу шанстардан. Кудай анын бетин ары кылсын,бирок башка тарыхый шанс болбой калышы да ыктымал. Себеби, мамлекеттин социалдык организминин өзүн-өзү сактоо мүмкүнчүлүгүнүн, иммунитетинин да чеги бар. Ага кечээ эле улуу империя болуп, дүйнөнү солкулдатып турган СССРдин тарыхы күбө. Башкаруучулары мамлекеттин тагдыры жөнүндө ойлобой, аны тытмалап, андан каржылык, саясый пайда табууну гана көздөп калышканда дүйнөдөгү аскердик жактан эң кубаттуу өлкө сырттан бир замбирек атылбаса да өзүнөн өзү кыйрап калды, аны сактап, коргогонго бир да жараны чыкпады го, чиркин! Анткени, анын акыркы жылдарында коомдо бекем орногон: “сен-мага, мен-сага”, “керектүү адам, керексиз адам” деген коррупциялык принциптер, баш аягы көрүнбөгөн саясый жаңжалдар, былжырама куру сөздөр элдин баарын иренжитип, жарандары анын тагдырына ичтеринен кол шилтеп салышкан болчу. Жыйынтыктап айта турган болсом, коррупция - биринчи элдин бийликке болгон ишенимин жок кылат, экинчи - коомдо нааразылыкты күчөтөт, үчүнчү- социалдык ажырымдоону тереңдетип, тездетет, анан акыр аягында элдин баарын болбосо да басымдуу көпчүлүгүн мамлекеттин тагдырына биротоло кайдыгер кылып салат. Калганы мезгилдин, андай-мындай жагдайлардын гана иши...
  Ошондуктан коррупция мамлекетибиздин эртеңи үчүн душмандардан да, алардын суперзаманбап куралдарынан да коркунучтуу. Аны ооздуктоого болгон күрөштө президент жалгыз калбашы кажет, ал катаал чаралардан, ички-сырткы кысымдардан тайсалдабашы керек. Эгерде президент бекем турса, ага саясый эрки жетсе, сөзсүз бул күрөштө жеңип чыгат, анткени аны эл колдоп жатат. Анда ал өлкөнүн тагдырын жакшы жагына кескин өзгөртүп, коомду катарсистен (чыныгы тазалоодон) өткөрүп, цивилдүү өнүгүүгө жол ачкан улуу президент болуп тарыхка кирип калат.
Андыктан коррупция менен күрөшүүдө президент Сооронбай Шариповичке ийгилик гана каалап, чоң ишеним артам.
Мирлан Дүйшөнбаев,
Жогорку Кеңештин
СДПК фракциясынын эксперти
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;