Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Депутат Каныбек Иманалиев: «Алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети турат»

Депутат Каныбек Иманалиев: «Алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети турат»

10 сен 2019, 15:18    bishkek
Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев эне тилибиздин өзгөчөлүктөрү менен аны өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүнө токтолду.
Депутат К.Иманалиев окумуштуулардын иликтөөлөрүнө шилтеме жасап, кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көп болсо ал байыркы тил болуп саналаарын айтты. «Мындай бир муундан турган сөздөр кыргыз тилинде өтө арбын. Алар шумер доорунан бери 2500-3000 жыл мурун жаралган. Кыргыз тилинин сөздүгүн түзгөн К.Юдахиндин сөздүгүндө 81 миӊ сөз бар. Орус тилинин сөздүгү 57 миӊ сөздөн турат. Ар бир сөз акылдын продукциясы, ой чабыттын кеӊдиги. Биз ушундай эбегейсиз сөз байлыгына ээбиз. Бир да түрк эли мындай сөз байлыгына ээ эмес. Маселен, кызыл түс кыргыз тилинде 27 сөз менен берилет. Ошону менен катар кыргыз тилинде 8 миӊдей фразеологиялык сөз бар. Европа тилдеринде фразеологиялык сөздөр жокко эсе».
Өз сөзүндө депутат К.Иманалиев бүгүнкү күндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө эч кандай саясый жагдай жоктугун айтып, алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү азыркы учурда жаӊы муунга салабаттуу, адеми сүйлөп өрнөк болуучу бир да лидер жок болуп жаткандыгын, тиешелүү адистер кыргыз тилин окутуунун алгылыктуу методикасын иштеп чыкпагандыгын, көөнө сөздөрүбүз туура пайдаланылбай жаткандыгын кейиштүү абал катары баалады.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив