Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Кадырбек Атамбаев: биздин мүлккө байланыштуу маалымат - фейк

Кадырбек Атамбаев: биздин мүлккө байланыштуу маалымат - фейк

19 авг 2019, 10:41    bishkek
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын «элди адаштыруу жана фейк» деп баалады.Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз» деп жазды.
Ал прокуратура көрсөткөн 120 мүлктүн 101и Алмазбек Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө да таандык эмес экенин, ал эми «Кыргызавтомаш» 2007-жылдан бери аларга тиешелүү эмес экенин билдирди. Ошондой эле Башкы прокуратура алардын атына 1996-жылы эле сатылып кеткен үйлөрдү да жазып койгонун кошумчалаган. Мындан тышкары алардын бир гана банкта 2002-жылы ачылган эсеби бар экенин, «Апрель» телеканалынын эч кандай банк уячасы жок экенин жазды.
Башкы прокуратура 16-августта Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкү деген тизмени жарыялаган. Анда Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомдоруна тийиштүү деген банк уячалары камакка коюлганы көрсөтүлгөн. .
Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч машине, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду.
Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда банктык эсептери жана уячасы жок экенин билдирген.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. Шаардык сот 16-августта райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн шек саналып жатканын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив