Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Раиса Атамбаева: Бизге адилетсиз саясий куугунтук болуп жатат, балдарымды суракка чакырышты

Раиса Атамбаева: Бизге адилетсиз саясий куугунтук болуп жатат, балдарымды суракка чакырышты

16 авг 2019, 13:43    bishkek
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, УКМКда каралып жатат. УКМКнын имаратынын алдына анын тарапташтары жана үй-бүлөөсү чогулушту. Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева саясий куугунтук болуп жатат деген пикирин айтты:«Алмазбек Шаршеновичтин тарапташтарына саясий куугунтук болуп жатат. Балдарды да суракка чакырышты», -деди Атамбаева.
Мурдагы президенттин жубайынын сөзү коомчулукта талкууга алынып, Атамбаевдин убагында саясий негиз менен камакка алынган саясатчылардын жакындары пикирлерин жазып жатышат.
«Раиса Атамбаев убагында кандай адилетсиз куугунтук болгонун байкаган дагы эмес чыгаар. Ал убакта канчалаган бей күнөө адамдар камалып, балдары ыйлап, энелери зар какшап, ал тургай камактагы баласын көрбөй ата-энеси каза болуп калган учурлар болгон. Алмазбек Атамбаевдин балдарын суракка чакырып койсо капа болуп жатышат. Садыр Жапаровдун балдарын мыкаачылык менен сабатып, бир туугандарын, үй-бүлөө мүчөлөрүн толугу менен каматып салган мезгилди эстесинчи?», -дейт Садыр Жапаровду колдогон интернет колдонуучулар.
Буга кошумча, Алмазбек Атамбаев түзгөн элдик штабдын активдүү мүчөсү Фархад Баабиевдин телефон сүйлөшүүсү жарыяланды. Анда, Фархад Баабиев Аман аттуу жаран менен өлкөдө баш-аламандык чыгарып, түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, согуш уюштурууну талкуулашкан.
«Аманчик, мындай кылыш керек. Чүйдөгү оштуктарды сабап, бизнестерин талкалап, 200 оштуктун үйүн өрттөп салыш керек. Ошондо чыр чыгып, бийликти басып алууга шарт түзүлөт», - деп айтылат сүйлөшүүдө.
Эскерте кетсек, кылмышкер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылышына аралашкан деген шек менен күбө катары чакырылган мурдагы президент, суракка келүүдөн баш тартып, Кой-Таштагы үйүнө жашынып алган. Ал, куралчан адамдарды чогултуп, күч органдары келсе атып, карышылык кыла турганын күн мурунтан айткан. 7-августа суракка алып кетүүгө келген күч органдарынын кызматкерлерине ок чыгарып, натыйжада 1 адам каза тапкан. Мындан тышкары Атамбаевдин тарапташтары күч органдарын ур-тепкиге алып, денелерине оор залал кылышкан. Чүй ОИИББнын жетекчисин оор абалда Москвага дарыланууга алып кетишти. Мындан тышкары УКМКнын 6 кызматкерине Атамбаевдин тарапташтары тарабынан атылган куралдын огу жаӊылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив