Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Атамбаев Азиз Батукаевдин катарына кошулду!

Атамбаев Азиз Батукаевдин катарына кошулду!

14 авг 2019, 16:58    bishkek
Алмаз Атамбаев снайпердик винтовкасы менен алты жолу атып, “Альфанын” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүп, беш адамды жарадар кылуу менен мыйзамдуулуктун гана эмес, адеп ахлактын, нравалуулуктун талаасынан биротоло чыгып, өзү коё бердирген Азиз Батукаевдин катарына кошулду.Эми аны экс эмес, рецидивист деп атаган туура болот. Ал бардык диндерде, мыйзамдарда эң оор күнөө катарында эсептелген кылмышка барды, аңсезимдүү түрдө атайылап адам өлтүрдү. Ал эч жерде кечирилбейт, аны жасаганга гана эмес, бала чакаларына да жийиркеничтүү эн тамга бойдон калат. Аны менен кошо өзү да саясатчы катарында биротоло өлдү десек болот. Өз колу менен бир нече адамды атып, аны мактаныч катарында айтып отурган адамга деги мындан ары кандай адамды жактайт, колдойт? Мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, ыймандын талааларынан биротоло чыгып кеткендер гана жакташы, колдошу ыктымал.
Тилекке каршы, биздин коомдо акчасы төлөнсө, Чикатилону жактоочулар деле чыга берерин турмуш ырастап келет. Батукаевге деле жер жайнаган адвокаттар чыкпадыбы. Бирок Атамбаевдин цивилдүү дүйнө үчүн саясый өлүккө айлангандыгы эч кимде шек туудурбайт. Дүйнөнүн азыркы тарыхында Уганданын адам жегич мурдагы императорунан башка өз колу менен адам өлтүргөн мамлекет башчысы каттала элек. Мурдагы бай тарыхтан деле өз колу менен адам өлтүргөн хандарды, королдорду, императорлорду билбейбиз. Бул жагынан Атамбаев Кыргызстандын гана эмес, жалпы Азия элдеринин абройлоруна доо кетирген канкор экс-президент болуп калды.
Цивилдүү өлкөлердө башкалардын өмүрлөрүнө кол салмак түгүл, муштагандар деле ошол замат саясый өлүккө айланышат. Бирок, “боло берет кыргызга” дегендей, дүйнөдөгү акыл эстүү, ыймандуу адамдардын баарын зааркандырып, жийиркендирген эң чектен чыккан окуянын Кыргызстанда болгондугу гана намыстандырат, арга келтирет. Атамбаевдин жоругу – биздин демократиялык имиджибизге урулган оор сокку болду. Буга чейин Борбордук Азиядагы элдерге көп жаман жактарыбыздан мисал болуп жүрсөк, бул ирет ал дагы бир жолу ырасталды, бекемделди. 7-августка чейин АШАны жактап, коргогондор акча үчүн ошентип жатат дедик эле, ал адам өлтүргүчкө айлангандан кийин анын жанында жөнөкөй адамдар гана эмес, депутаттар, окумалдар жүргөндүгүн кандайча түшүндүрүүгө болот?.
Акыл-эстүү, мыйзамды сыйлаган, адеп ахлактуу адамдар Атамбаев “Альфачыларды” аткандан кийин эле “биз колу канга булганганга кошула албайбыз, ми арабыз биротоло ажырады” деп кетип калышмак. Бирок алар Атамбаевдин адамдарды аткылаганын кадимки эле таш бараң урушкандай эсептешип, эч нерсе болбогондой ага кошулуп, аны шыкактап жүрүшпөдүбү! Бул бизде экстремисттер түгүл, парламенттин айрым мүчөлөрүнүн да таптакыр мыйзамдуулук менен эсептешпей калгандыгын көрсөтөт. Аларга карата мыйзамдык катаал чаралар көрүлбөсө мындан кийин ал көндүм көрүнүшкө айланып кетет.
Атамбаев кармалды, СИЗОго киргизилди. Бирок, тергөөчүлөр тактап, тастыктай турган маселелер абдан көп. Шагыраган автоматтар, патрондор, тапанчалар кайдан алынган? Алардын буга чейинки кылмыштарга тиешелери барбы? Эмне үчүн аларды Карамушкина, Артыков, Мадеминов, Кодуранова сыяктуу депутаттар көрүп туруп, тийиштүү жерлерге билдиришкен эмес? Кылмышты көрүп туруп, аны тийиштүү органдарга кабарлабаган да кылмыш. Эмне үчүн ал жогоруда айтылгандарга, аларды жандап жүргөндөргө колдонулбай жатат?
Коомчулук мына ушуларга тезирээк жооп алышы керек. Аны эл чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Автандил Белеков
Булак: «Майдан»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив