Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: «Кой-Таштагы кантөгүүгө Атамбаев түздөн түз күнөөлүү»

Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: «Кой-Таштагы кантөгүүгө Атамбаев түздөн түз күнөөлүү»

13 авг 2019, 14:00    bishkek

--Мунун баарына Алмазбек Атамбаев күнөөлүү. Эгер ал кол тийбестиги алынганда эле суракка күбө катары келип койгондо бүгүнкү кайгылуу окуя болмок эмес. Бир нече адам сабалды. Бир жоокердин каны төгүлдү. Дүйнө коомчулугуна жаман сөз кетти. Айланасына жаш балдарды топтоп, аларга туура эмес маалымат берип, таш менен куралдандырып, мына ушул абалга алып келди. Жаалданган балдар кагылышып эки тарап жапа чекти. Кыргызга кыргыз кол салды. Тергөөгө келип койсо мындай болмок эмес. Мына Нариман Түлеев башка өлкөдө экенине карабай учуп келди. Текебаев, Жапаровдор да чет мамлекеттен учуп келбеди беле. Бул Атамбаев ушул жерде туруп качып, элди Түндүк-Түштүккө бөлүп жатат. Андан тышкары сепараттык чакырыктарды жасап, башка республика түзөм деп жатат. Мыйзамга баш ийбей курал менен атам деп жатат. Мына окуя болгонго чейин кайрылып, эгер бөөдө кан төгүлүп кетсе, кимдир бирөөнүн өмүрү кыйылса Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигинде болот деп айткам. Мына айтканын жасап куралынан ок чыгарып атайын кызматтын жоокери курман болду. Буга керт башы менен мыйзам алдында жооп бериши керек. Баса, Равшан Жээнбеков «Кой-Ташка курал менен баруу ката болду» деп айтып Атамбаевдин аракетин жактоого аракет кылып жатат. Равшан иниме айтып койоюн, Атамбаевди бир жактуу актоо аброй алып келбейт. Атамбаевди кармоо үчүн барган күч түзүмдөрү өлтүрүүчү окту колдонбой жарылуучу гранатты жана желим окторун пайдаланды. Алар көздөн жаш чыгаруучу затты дагы колдонбой карапайым адамдарды аяп аяр аракет кылышты. Тескерисинче, Атамбаев тарабынан курал колдонулуп бир жоокер окко учуп, ондогон адамдар жаракат алды. Равшан мырза муну неге айтпайт? Атамбаевди тергөөгө алып келүү мыйзам талабы. Анткени ал буга чейинки үч жолку чакырууга келбегени аз келгенсип, үйүнө элдерди топтоп алып бийлик өкүлдөрүн алынын келишинче шылдыңдап жатты. Анан эмне анын бул аракетине эч чара көрбөй коюп коюш керек беле? Кыскасы, Равшан Жээнбековдун бул кайрылуусун террорист Атамбаевге кошомат кылуу катары карасак болот.


Аларада Ички иштер министрлиги иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда тиешеси болгонун ачыкка чыгарды. ИИМ тараткан маалыматта: «Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган» деп айтылды. Ички иштер министрлиги Атамбаевди сурак берүүгө үч жолу чакырган. Ал моюн толгоп келбей койгондон кийин шаршемби күнү кечинде УКМК Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясы уюштурган. Тилекке каршы ал ийгиликтүү ишке ашпай калды. Эки тараптын кагылышында атайын багыттагы кызматкерлердин бири каза болуп, 50дөн ашык адам жабыркады. Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экенин айтылууда.

Булак: "Де-Факто"

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив