Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Равшан Жээнбеков: “Биз Сооронбай Жээнбековго эмес, Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз” 

Равшан Жээнбеков: “Биз Сооронбай Жээнбековго эмес, Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз” 

07 июн 2018, 09:18    bishkek
Экс-депутат ага жаңы президент эмнеси менен көңүлүнө төп келерин түшүндүрдү, ошондой эле чуулгандуу камакка алуулар сериясына комментарий берди.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу болгону жана анда оппозиция тарабынан лоялдуулук болоруна ишендиргени тууралуу тараган маалыматтын жалган экенин билдирди.
Vesti.kg менен маектешүүдө мурдагы эл өкүлү бул жөн гана ушак экенин белгиледи.

- Мен бардык оппозициянын атынан сүйлөй албайм, бирок балким алардын белгилүү бир көз караштарын мен да бөлүшөм, - деп белгилейт Равшан Бабырбекович.

– Биз экс-президент Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз, Сооронбай Жээнбековго эмес. Учурдагы мамлекет башчысына мен жалпысынан лоялдуу мамиледемин. Болбой калды дегенде анын айрым баштаган иштери менин көңүлүмө туура келет. Бул белгилүү бир коррупцияга каршы күрөшү, жарандык коом менен кызматташууга ниети, ошондой эле сөз эркиндигин колдоосу.
Сөзүнүн аягында Равшан Жээнбеков кечээки чуулгандуу камакка алуулар боюнча теманы козгоду.
- Бул нормалдуу, туура жана айрымдар соцтүйүндөрдө жазып аткандай өтө катуу эмес, - дейт экс-депутат. – Жалпысынан мен канааттандым. Себеби биз алган кредиттер эффективдүү эсептелген эмес жана тереңден анализденген эмес. Алардын көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде Датка-Кемин долбоору жана Ысык-Көлгө кеткен жолдун курулушунан уурдалган. Мындай жагдайда президентте экс-президенттин айланасындагыларга карата катуу чараларды көрүү гана калат. Башкысы, укук коргоо органдары эффективдүү иликтеп жана сотко төгүнгө чыкпай турган далилдерди көрсөтүшү керек. Ал эми сот өз кезегинде мыйзам менен акыйкат чечимди кабыл алышы керек.  скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив