Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Атамбаев Батукаевден канча алганын айтышы керек?

Атамбаев Батукаевден канча алганын айтышы керек?

08 авг 2019, 12:45    bishkek

Абактагылардын тилдери менен айтканда, мыйзамдуу баш кесер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боршотулушу боюнча ага тийешеси бар мурдагы мамчиновниктердин дээрлик бардыгы көрсөтмөлөрдү беришти, айрымдары абакта жатышат. Бирок ал ишти жыйынтыктап, сотко өткөрүп берүү создуктурулууда. Анткени, ал операциянын башында турган мурдагыпрезидент Алмаз Атамбаев суракка келбей жатат.


Маалыматтарга ылайык, А.Батукаев ошол убактагы мамлекет башчысы А.Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен бошотулгандыгы жөнүндө Ш.Атаханов, Д.Сагинбаева, А.Салянова сыяктуу фигуранттар көрсөтмө беришкен. Ал эми дагы бир көрсөтмө бере турган - ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Таабалдиев качып кетти. Бирок, кылмыш ишин аягына чыгарганга калгандары деле жетишет. Алар менен беттештирип, маселеге биротоло чекит коюудан АША коркуп, суракка барбайжатат. Анткени, алгачкы беттештирүүдө эле жогоруда айтылгандар анын күнөөсүн мойнуна коюп, турбас кылып салышарын билип турат.

Чындыгында Азиз Батукаевге эркиндигинаябагандай чоң акчага (кылмыш ишинин материалдарында 15 миллион доллар деп айтылууда) биздин ошол убактагыжетекчилер сатышкандыгын, алардын эң башында ыйманы жок АША тургандыгын Кыргызстанда билбеген адам жок, ал 2013-жылдын апрелинен бери эле айтылып, жазылып келет. Эгерде эң жогортодон буйрук болбосо, бири-бирин көргүлөрү келбеген Башкы прокуратура, Жазаларды аткаруу кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлигисыяктуу тармактардын жетекчилери бир арабага кошкондой биригип, буттары жерге тийбей чуркачу беле?! Аларга ошол убактагы Акыйкатчы, ары жок Турсунбек Акун да кошулуп, А.Батукаевге адвокат, аферага идеолог, маалыматтык жактан камсыз кылуучу болуп алган. Сыягы, жашылбайлардын жагымдуу жыты анын тынчы жок мурдуна да жетип, тыбырчылатып жиберсе керек.

Акыйкатчысы далай адамдардын жаздыктарын куураткан баш кесерге адвокат болуп алган өлкөдө мыйзамдуулук, адилеттик жөнүндө сөз кылганга болобу? Албетте, жок. Тилекке каршы, бул иш боюнча Турсунбек Акундун тергеп-тескеп, тийиштүү чараларды көрүүдөн четте калып жаткандыгы коомчулукту таң калтырып, нааразы кылууда. 2013-жылдын башталышынан бери ЖМКларда Батукаевдин өлүм алдында жаткандыгын тынбай жарнамалап, Нарындагы ал жаткан түрмөгө кайра-кайра барып, ага жолугуп (анда экөөсү эмне жөнүндө сүйлөштү экен), акыр аягында шаардык соттун азыр камакта жаткан судьясын да шаштырып, сот ишине кийлигишкендиги үчүн ал да жооп бериши керек. Бирок, айрымдар эмнегедир аны жоопкерчиликке тарткысы келбей жатат.

Турсунбек Акун Бусурманкул Таабалдиевдин көрсөтмөсүн аткаргандыгын өзү айткан. Ал эми Б.Табалдиевге ким көрсөтмө берген? Коопсуздук кеңешинин катчысына мамлекеттеги бир гана адам, же ал Кеңештин төрагасы гана буйрук бере алары балага деле маалым. Мында Б.Табалдиев да КСДП 2017-жылдагы президенттик шайлоо штабынын эсепчисиндей АШАнын кеңеши, акчасы менен чет өлкөгө качып кеткен эмеспи? - деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.Андай болушу да толук мүмкүн, анткени ал кызматтык функциясы боюнча АШАдан алган тапшырмаларын күч органдарынын жетекчилерине жеткирип, алардын иштерин координациялап турат. Мына ушундай орчундуу маселелер боюнча мурдагы президент А.Атамбаевге карата көптөгөн суроолор пайда болууда. Бирок тилекке каршы, ал андай суроолорго жооп бергиси келбей жатат. Эгерде ал тергөөчүлөрдүн чакырыктарына баш ийбей, адвокаты экөөсү ар жомокторду айтышып, ажыкыздана берише турган болсо, ал күч менен да болсо ИИМге алынып келиниши, Азиз Баткуаевди кантип чыгарып, анын 15 миллион долларын кандай бөлүштүрүшкөндүгүн айтып берүүсү зарыл. АШАнын көрсөтмөсүсүз Батукаевдин ишинечекит коюлбайт. Укук коргоо органдары бул ишти создуктуруп, ашыкча ажиотажды жарата беришпестен, мыйзам алдында баары бирдей экендигин АША аркылуу иш жүзүндө ырастоолору зарыл!

Булак: "Майдан.kg"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив