Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан банк секторундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жолу аркылуу Швейцария менен тереңдетилген өнөктөштүккө кызыкдар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан банк секторундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жолу аркылуу Швейцария менен тереңдетилген өнөктөштүккө кызыкдар

11 июл 2019, 10:31    bishkek

«Кыргызстан экономиканын артыкчылыктуу тармактарына капиталды тартуу үчүн банк секторундагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү жолу аркылуу Швейцария менен тереңдетилген өнөктөштүккө кызыкдар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы Томас Йордан менен болгон жолугушуусунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков канааттануу менен Кыргызстандын жана Швейцариянын Улуттук банктарынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун тармактарын жана багыттарын мындан ары кеңейтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы Томас Йордан дагы Кыргызстандын Улуттук банкы менен болгон активдүү жана жемиштүү кызматташууну белгиледи. Ал мындан аркы өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде финансы тармагынын актуалдуу багыттары боюнча тажрыйба алмашууда даярдыгын билдирди.

Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы 2018-жылы Кыргызстанга улуттук валюта — сомдун 25-жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн келгенин баса белгиледи.

Томас Йордан Кыргызстанга өзүнүн кийинки визитин ушул жылы жасап, банк секторундагы кызматташуунун келечегин дагы бир жолу талкуулоого мүмкүнчүлүк берерине үмүттөнөөрүн айтты.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив