Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

08 июл 2019, 14:40    bishkek


Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.
Бул тууралуу 6-июлда Бишкекте Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.
Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.
6-июлда эки тарап ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан.
Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.
Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган.
Эки тараптын юристтери жана лингвисттери келишимдин текстин изилдеп чыгат. Андан соң ички процедуралардан өтүп, кол коюлат. Чыңгыз Айдарбеков Могерининин Бишкекке сапарын "тарыхый" деп атап, Евробиримдик менен Кыргызстан бизнес форумун өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив