Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Мантыш: Атамбаев өзүнө-өзү көр каздыбы?

Мантыш: Атамбаев өзүнө-өзү көр каздыбы?

20 июн 2019, 09:42    bishkek
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары 13-июнда комиссия түзүп, кылмышка шектүү кадамдарын жети күндун ичинде иликтеп чыкмак болгон. Кечээ комиссиянын отурумунда бардык тараптар чакырылып, анда дооматтар айтылып, жыйынтыгында экс-ажого оор айыптар коюлган чечим чыгарылды. 1-си, Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 123 курал берген, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон, 2-си, Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жана андагы коррупциялык иштерге аралашкан, 3-сү, Алмазбек Атамбаев 35,65 гектар айдоо аянттары мыйзамсыз трансформациялаган, 4-сү, «Дастан» ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз алып, үй салган, 5-си, Атамбаев Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, 6-сы, акча адалдаган «Ака инвест» жана «Текесай Жаштары» компанияларына Атамбаевдин тиешеси болгон, 7-си, Бишкекке көмүрр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн, 8-си, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде кылмыштуу топ түзуп, бийлик органдарынын ишмердүүлүгнө түздөн түз кийлигишкен, 9-су, Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктаган деп тапты. Бул чечим ушул жумада жалпы жыйынга чыгарылып, 60 депутаттын добушу менен Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Эл өкүлдөрүнүн дооматында негиз болсо аталган орган кылмыш ишин козгоп, кайра Жогорку Кеңешке кайралат. Анан 80 добуш менен экс-президент макамынан ажыратылып, мыйзам алкагында чара көрүлөт.
Камчы Кадыров
"МАНТЫШ"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив