Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Төрөбаев ЖоКени «Төө» кылып буйлалап алганбы?

Төрөбаев ЖоКени «Төө» кылып буйлалап алганбы?

14 июн 2019, 11:56    bishkek
Эл азыр курулай таттуу сөзгө эмес, колунан чыныгы иш келген, калктын камын ойлогон азаматтарга ишеним арта баштаганы менен алар негедир алдыга чыга албай келет. Алардын ордун ушу таптачалду-куйду сүйлөп, оозунан от бүркүп, бирок ишке келгенде кашаң аттай келжеңдегендер ээлеп алган. Мындайлардын бири алдыда сөз кыла турган каарманыбыз десек жаӊылышпайм. Айтсак, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тɵрɵбаев интернет тармактарында эмнеге эле байма-бай кɵрүнүп калды десе шайлоо жакындап калган турбайбы. Ɵңүн илибой кырдаалга жараша ɵзгɵртɵ билген Бакыт Эргешович ар кандай айла амалдарды таап 3 жолу Жогорку Кеңешке депутат болду. Алгач, «Ак жол» партиясы менен келсе 2010-жылы «Республика» партиясы менен келди. 2015-жылы «Кɵнүгүү», опей, «Ɵнүгүү» деген партия түзɵ коюп болгон капчыктуу бизнесмендери депутаттыкка талапкер кылып ошолордун күчү менен ЖКга башын батырып алган эле. Кырманда сапырылган дан менен, айдоо аңызын өлө жакшы көргөн Бакыт Төрөбаев СССРдин эрке чалы Брежневдин «Нан болсо ыр да болот» деген нускасын идеология тутат. Бирок, бул жаатта элге бир жакшылык кылып көрбөдү. Убактылуу гана от алган тракторлору онтобой ооруга чалдыгып атып, үнү өчтү. Бирок, бул мырзага баары бир экен. Эми да чабагандап атат, 2020-жылды утурлай. Кайрадан шайлоого умтулбай мурунку берген убадаларымды аткара алдымбы деп ɵзүнɵн ɵзү отчет сурап койсо жарашмак. Бакыт мырза саясатта эмес, бизнесте жүрсɵ ɵлкɵнүн ɵнүгүшү үчүн кошкон салымы чоң болмок…

«Де Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив