Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Канат Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевде эбегейси байлык 2010-жылдан кийин пайда болгон»

Канат Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевде эбегейси байлык 2010-жылдан кийин пайда болгон»

14 июн 2019, 11:14    bishkek
- Бүгүн сɵз сүйлɵɵгɵ аргасыз болдум, анткени 8-июнда мурунку президент Атамбаев «Форумдун» алдында оозуна келгенди сүйлɵп, ушуну менен 3-жолу парламентти мазактап, аброюна шек келтирди, жооп берүүнү туура кɵрдүм. Таң калдым, эки сɵзүнүн бири калп. Фактылар менен далилдеп кетсем, «Мен бийликке келгенде мугалимдердин айлыгы, медиктердин айлыгы, милиция кызматкерлеринин айлыктары 2 миң сомдон болчу. Азыр милициянын айлыгы 15 миң сомго жетти» дейт. Чегара кызматкерлеринин айлыктары да 2 миң сомдон болчу де пандан мурунку сɵздɵрүндɵ айтты эле. Мен атайылап Билим министрине, ИИМге, Чегара кызматтарына 2010-жылы жана бүгүнкү айлыктары кандай экенин билүү үчүн ɵтүнүчтɵрдү бердим. Чегара кызматы 2010-жылы офицерлер 12700 сом алганын, бүгүн 18000 миң сом аларын билдирди. Ɵсүш 30%дын тегерегинде болгон. Билим берүү тармагында айлык ɵскɵнү менен категория жана эмгек стажды алып койгондон кийин ашып кетсе 20-25%га гана ɵстү. ИИМде жогорку кызматтагыларга ɵскɵн, жаңы ишке киргендерге андай эмес. Милиция кызматкерлеринин тɵмɵнкү айлыктары 4,5 миң болсо, азыр 6-7 миң сом. Демек, бул жалган маалымат.
Атамбаев: «2010-жылдан 2013-жылга чейин Асылбек Кожобеков УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеген, 2016 – 2018-жылдары Идирис Кадыркулов жетектеген, булар мага бажы кызматындагы терс кɵрүнүштɵр боюнча маалымат бербей жүргɵн экен» деп жалган сүйлɵп жатат. Урматтуу депутаттар, ɵзүңɵр ойлоп кɵрсɵңɵр, кайсы областык жетекчилер президентке маалымат берчи эле, жети областын жетекчилери жумасына жети жолу кирип алып маалымат бермек беле? Областын жетекчилери ɵзүнүн тɵрагасына берет. Тɵрагасы ошону топтоп алып президентке берет. Ал үчүн ɵзүнүн кɵздɵй адамы Абдил Сегизбаевди күнɵɵлɵсүн. Идирис Кадыркулов Сооронбай Шарипович менен иштешип, Раим Матраимовдун ишин жаап-жашырган деген мааниде айтып жатат. Эми карап кɵрɵлү күндɵрүн: 2016-жылы Идирис Кадыркулов Ош областынын УКМКсына жетекчи болуп дайындалганда Сооронбай Шарипович премьер-министр болгон экен. Раим Матраимов Бажы кызматына орун басар болуп дайындалган. Бул жагы да жалган.

Эки сɵзүнүн биринделе «мультимиллионер болчумун» дейт. Эгер мультимиллионер болсо 2010-жылы биздин кесиптешибизден 800 миң сом карызга алып эмнеге шайлоого катышат? 2011-жылы башка кесиптешибизден президенттик шайлоого 500 миң доллар алган? Аны ɵзү да кесиптешибиз да айтып жүрɵт. Мультимиллионер болсо башкалардан эмнеге карызга акча алат? Бул эки мисалдан тышкары дагы он чакты ири кыргыздын ишкерлери бүгүнкү күндɵ бизди мажбурлагандыктан каржылаганбыз деп маалымат бергенге даяр. Атамбаев алгачкы капиталды кантип кураганын билебиз. Дайыма «мен китеп чыгарып, вагон-вагону менен Россияга ташыгам. Мен мерседес мингенде Кыргызстандын президенти вольва тээп жүрчү» деп айтып жүрɵт. Аны да иликтеп кɵрдүк. Чыңгыз Айтматовдун арты менен «Литфонго» жетекчи болгон экен. (Бул жазуучуларды колдой турган уюм). Ошого жетекчи болуп башында «Литфонд» мурда китептерди басып жɵнɵтүп турган экен, кийин «Литфонд-МПП Форум» болуп ɵзгɵргɵн. Бул бизнеске рейдерлик менен кире баштаган. Эки жылдан кийин «Литфондду» жоготкон. Бүгүнкү күнгɵ чейин ошол завод-фабрикаларды жиликтеп сатып, жерин жердей пулдап, имараттарын бузуп пайлаланып келе жатат. Бир дагы кошумча жумуш орун ачылган жок, тескерисинче 10 миңдеген жумуш орундары жабылып, кыйрады.

Атамбаевде эбегейси байлык 2010-жылдан кийин пайда болгон. Түрцияда баланча байлыгым болгон дейт, анда банктык эсептерин кɵрсɵтпɵйбү? Декларациясында жок. «С.Исаков менен К.Кулматов бир күндɵ камалды» дейт. 18-майда К.Кулматов, 15-июнда С.Исаков камалыптыр. Жɵнɵкɵй жерден да калп айтып, упай топтоону кɵздɵп жатат. Бүт жалган сүйлɵдү, бирок бир сɵзүнɵ толук кошулам. «Кыргызстан колхоз эмес, кыргыз эли кой эмес» дегенине, биз Атамбаевдин сɵзүнɵ ишене бере тургандай кой эмеспиз.
Батукаев ишинде комиссиянын курамында болгом, ошол учурдагы УКМК тɵрагасы Болот Жунушовду чакырып, бир нече ыңгайсыз суроолорду бергем. Б.Жунушов Атамбаевге чуркап барган экен, ал мен чакырып, экɵбүз ɵйдɵ-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмɵнүм тараган, бул иштин артында Атамбаев турары мага белгилүү болгон. Биз барыбыз түшүнүп турабыз, Башкы прокурордун, вице-премьердин, ГСИНдин же соттордун колунан келе турган нерсе эмес. Мындай ишти бир гана президент ишке ашыра алат. Андан тышкары Батукаевди түрмɵдɵн бошотуп жиберген сот Ош шаардык сотуна конкурска катышканда Текебаев чыркырап чыккан, бирок Атамбаев кыргыз элин шылдыңдагансып, аны сотко шайлап койду.

ММК ɵкүлдɵрүнɵ кысым кɵрсɵтүп, К.Азиз, Д.Орунбеков, Токтакунов, Н.Айып, М.Аспеков, Алканова, Ушаков, Аманбаева, З.Сапанов, Заноза, Азаттыкты сотко берип, доого жыккан. Уюшкан кылмыштуу топторго таасир эткенге аракет кылган. Ɵмүр бою эркинен ажыратылган Э.Мамбеталиевди Жогорку Соттун чечимине карабай кайра чыгарып, бийлетип, хансарайларды «урду». Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы кишини депутат кылды.

Булак: Де-Фактоскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив