Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту парламенттин жарымы колдоду

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту парламенттин жарымы колдоду

14 июн 2019, 10:44    bishkek
Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» сунуштун демилгечиси, депутат Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, эми маселени бул боюнча түзүлгөн атайын комиссия, анан жалпы парламент карашы керек.
- Комиссия биз айткан дооматтарда чындык барбы, же жөн эле куру сөзбү - ошону текшерет. Тереңирээк иликтеп, биздин сөзүбүз фактылар менен дал келсе, комиссия сунушту Жогорку Кеңешке алып чыгат. Жогорку Кеңеш аны Башкы прокуратура жөнөтөт. Башкы прокуратура текшере турган жагдайлар бар экенин ырастаса, кайра парламентке келип экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратууга уруксат сурашы керек. Натыйжада парламент кайра жалпы жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алууну карайт. Эгерде аны парламенттин үчтөн экиси, тагыраагы 80 депутат колдосо, анда Атамбаевдин кол тийбестиги алынып салынат да, Башкы прокуратура ага карата тергөө иштерин жүргүзө алат. Ошонун жыйынтыгы менен мурдагы мамлекет башчыны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтса болот , - деди ал.
Канатбек Исаев комиссиянын курамы, жыйыны бүгүн толук белгилүү болорун кошумчалады.
12-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн. Алар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге көтөрүп, муну 40тай депутат колдоого алган.
Жогорку Кеңеште жалпы 120 депутат бар.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Өзү парламенттеги соңку демилгеге комментарий бере элек. 8-июнда ал Бишкекте өткөн митингде өзүн актап, азыркы бийликти сындаган. Атамбаевдин тарапкерлери муну атайын даярдалган сценарий деп баалашты.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив