Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Казакстанда митингдерге катышкан миңге жакын адам административдик жазага тартылды

Казакстанда митингдерге катышкан миңге жакын адам административдик жазага тартылды

13 июн 2019, 16:33    bishkek


Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы уруксат берилбеген митингдерге катышкандыгы үчүн 957 киши административдик жазага тартылды. Алардын 670и алты суткадан 15 суткага чейинки мөөнөткө камалса, 115ине айыппул салынды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын өкүлү Сапарбек Нурпеисов билдирди.


Анын айтымында, сот 311 адамдын үй-бүлөлүк абалын жана башка шарттарын эске алуу менен алардын жаза мөөнөтүн кыскартты. «Сот алардын жазган өтүнүчтөрүн колдоп, эркиндикке чыгарды. Бүгүн дагы 63 адам чыгарылат. Учурда атайын жайларда 180 киши камакта калууда. Алардын жаза мөөнөтү алты суткадан 15 суткага чейинки мөөнөттү түзөт», - деди Нурпеисов.
Казакстанда 9-июндан бери нааразылык акциялар өтүүдө. Алар добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарына каршы болуп, буга чейин кармалган адамдардын бошотулушун талап кылып жатышат.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги акция катышуучуларын «чагымчылар катары мүнөздөөдө. Казак Башкы прокуратурасы «мыйзам бузган адамдар мындан кийин дагы кармала турганын» убадалады.
Буга чейин бийлик 9-июндан 11-июнга чейин кеминде 700 киши кармалганын билдирген. Жергиликтүү укук коргоочулар бул санды төмөндөтүлгөн деп эсептеп, нааразылык акциялар маалындагы полициянын аракеттери боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигин билдиришүүдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив