Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда

12 июн 2019, 17:02    bishkek
«Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолгушууда.

Мамлекет башчысы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.
Президент Монголиянын Кыргызстандагы Элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дарамети толук ачылып, өз ара мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн баса белгиледи.
«Өз кезегинде, биз да Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүбүздү ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Жакын арада Улан-Батордо Ардактуу консулдук ачабыз деген планыбыз бар», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Монголия байкоочу өлкө катары макамга ээ болгон ШКУ алкагында да тыгыз өз ара аракеттешүү ишке ашырылып жатканын кошумчалады жана Уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы иш-чараларды колдоосу үчүн монгол тарапка ыраазычылык билдирди.
Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында Сооронбай Жээнбеков Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында кыргыз жана монгол бизнес-жамааттарынын катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуш кылды.
Ошондой эле Президент тоо-кен өнөр жайы тармагындагы Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, жаратылыш ресурстарын башкаруу жана мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү боюнча пикир алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү саясатынын алкагында өлкөлөр ортосундагы региондор аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн толук өлчөмдө пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Андан тышкары, Сооробай Жээнбеков тарых жана археология чөйрөсүндө биргелешип иштөөгө кызыкдарлык билдирди.
«Эки өлкөнүн маданияты да, тарыхы да окшош эмеспи. Андан тышкары, Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган. Ошондуктан, ак илбирстерди жана алар жердеген чөйрөнү сактап калуу боюнча ишти улантуу маанилүү болуп саналат», - деди Мамлекет башчысы.Президент эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги чоң экенин баса белгиледи.
«Менин билишимче, Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашайт. Биз бул облуста изилдөө жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартууга абдан кызыкдарбыз. Ушул маселени терең изилдөө менен биз ортодогу жалпылоочу жагдайларды жана тарыхыбызды бириктирген башка маалыматтарды таба алабыз деп ишенем», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга расмий визити кыргыз-монгол достук мамилелерин жана кызматташтыкты бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө чоң кадам болуп калганын белгиледи.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив