Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Төраганын орун басары Аида Касымалиева Нарын облусуна иш сапар менен барды

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Нарын облусуна иш сапар менен барды

10 июн 2019, 12:48    bishkek

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган жумушчу топтун мүчөлөрү мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Нарын облусуна иш сапар менен барды.


Сапардын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аталган мыйзамдын аткарылышына байланышкан көйгөйлөрдү укту.
Жолугушууда майыптыгы бар жарандарга берилүүчү жөлөк пулду 18 жашка чейин деп чектебей, өмүр бою төлөөнү айрым ата-энелер суранышты. Ошондой эле жөлөк пул алууда чогултулуучу документтердин саны 25ке чейин экени айтылды. Мындан сырткары, бир катар социалдык маселелер да көтөрүлүп, акыркы жылдары жалгыз бой энелердин саны эбегейсиз артып жатканы белгиленди. Алар балдарын бала-бакча, мектепке орноштурууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы да кошумчаланды. Андыктан аялдарды иш менен камсыздоо чаралары иштеп чыгарылса деген сунуштар берилди.

Өз кезегинде Төраганын орун басары Аида Касымалиева жөлөк пул берүү маселеси Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө экенин белгилеп: “Жолок пулдарды алууда мамлекет тарабынан бир кыйла иштер жасалууда. Алсак, ички мигранттар катталган гана жеринен эмес, жашаган жеринен документ тапшырып жөлөк пул ала алат. Ал эми майыптыгы бар балдарды баккан ата-эне же алардын жакындарына аз да болсо эмгек акы төлөнүп бериле баштады. Буга чейин пенсионердин пенсиясы дагы эсептелип, неберелерине жөлөк пул чегерилбей келген болсо, ал да жокко чыгарылды.  Эми мурдагыдай эскилиги жеткен унаа же сыналгы, муздаткычтар дагы эсепке алынбайт. Болгону үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси 900 сомдон ашса аларга берилбейт”, – деди. Тагыраагы, жөлөк пул - көп балалуу үй-бүлөлөргө эмес, аз камсыз болгондорго ылайыкталганын Тораганын орун басары Аида Касымалиева билдирди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив