Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Макулдашуу ЕАЭБ мамлекеттеринин финансы рыногунун чөйрөсүндөгү, тактап айтканда, банктык секторунда, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү секторунда, мыйзамдарына шайкеш келтирүү багыттарын жана тартибин аныктайт, анын ичинде:
- Банктык сектордо, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү секторундагы финансы рынокторунун катышуучуларына карата аларды түзүү, уюштуруу туурасында макулдашылган талаптарды кабыл алуу боюнча;
- Эл аралык стандарттарга ылайык финансы рыногунун чөйрөсүндө тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча мамилелерди шайкеш келтирүү;
- Финансы рыногунун катышуучулары үчүн көзөмөлдөө тартибин жана көзөмөлдөө талаптарын жүзөгө ашырууну шайкеш келтирүү боюнча;
- Лицензияларды өз ара таануу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча;
- Финансы рыногунун чөйрөсүндөгү маалыматты ачып берүүгө карата талаптарды шайкеш келтирүү боюнча;
- Мүчө-мамлекеттеринин финансы рыногунун катышуучуларынын инвесторлору тарабынан уставдык капиталындагы (акцияларын) үлүштөрүн сатып алуу маселеси боюнча;
- Финансылык кызмат көрсөтүүлөрү туурасында керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарын шайкеш келтирүү.
Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору колдонулуп жаткан мыйзамдардын, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.