Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Батукаев Кавказ «музыкасын» буйруса, биздин чиновниктер «лезгинкага» түшүп жатпайбы…

Батукаев Кавказ «музыкасын» буйруса, биздин чиновниктер «лезгинкага» түшүп жатпайбы…

07 июн 2019, 13:50    bishkek
Атамбаев бийлигинин чыныгы жүзүн миллиондогон доллар эмес, бычакка сап болчу кыргыз жигиттерин өлтүргөн, түрмөдө жаткандардын кулагын кескилеп ойногон Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши көрсөткөн.
Азыркы бийлик элди, мамлекеттүүлүктү тоготпой, жаба түкүргөн чиновниктерди катары менен камап жатат. Күнөөсү болсо камалышы керек да, туурабы? Бугүн баары эле актанып, бул иште акмын дегенге өтүп алышты. Батукаев өзү чыгып кеткендей элес калып жатат, баары бул ишке аралашпагам деп жаткан соң… Кызык…
Кыргыз бийлиги бапестеп узаткан Батукаев азыр Чеченстанда жүрсө, бул жакта жактоочулук кызматты аткаргандар темир тордун артына бири-бирин сүдүрөп кирип жатат. Бул камоолор аягы эмес, башында турган адамга жетмейинче улана берери турган иш. Мыйзамдагы уурунун өлкөдөн чыгышына буту-бутуна тийбей мамчиновниктер чуркаганынын сыры эмнеде? – деген суроонун жообу башты айланткан акча экени баарына маалым болуп жатса да, канча акча баарын чуркатканы ачыкталбай келүүдө.
Азиз Чеченстанга атайын даярдалып, “Манас” аэропортунда 2 күн күтүп турган жеке учак менен учуп кеткени маалым. Бул учак кимдин чакыруусу менен келген? Ал үчүн канча акча төлөнгөн? Вице-премьер-министр болуп турган Шамиль Атахановдун баласынын тийешеси болгон учак экени айтылбады беле. Азырынча Атахановдун баласы буга жооп бере элек. Учактын кызматы үчүн төлөнгөн сумма дагы сыр бойдон калууда. Камалгандар же камап жаткандар бул тууралуу ачык маалымат бере элек.
Биздин маалымат боюнча Азизди алып кеткен учак кызматы үчүн адамдар 500 миң доллар акча сурашкан. Батукаев бул акчаны берүүдөн баш тарткан. Батукаев баш тарта албайт, биз сураган сумманы берүүгө аргасыз болот дегендер башка жоопту укканда, дароо эле 500 миң доллардан, 200 миң долларга түшүшөт. Чеченстанга алып учкан учак үчүн 200 миң доллар төлөнүп жаткан соң, аны бошотуп, аэропорттон тоскоолдуксуз узатуу үчүн канча акча берилгенин элестетип көрө бергиле… Биз элестетпеген баш айлантчу сумма. Бул акчага Азиз Батукаев Кавказ «музыкасын» буйруса, биздин чиновниктер «лезгинкага» түшкөнү ушундан.

Булак: «Жаңы Ордо»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив