Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » ШКУга даярдыктар кызуу жүрүүдɵ

ШКУга даярдыктар кызуу жүрүүдɵ

07 июн 2019, 10:45    bishkek
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги июнь айында Кыргызстанда ɵтɵ турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчɵ мамлекеттердин башчыларынын жыйыны тууралуу 4-июнунда маалыматтык билдирүү таратты. Билдирүүнүн мазмуну:

Ушул жылдын 22-майынан тартып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын чагылдырууга катыша турган чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө иши башталган.

Иш-чараны чагылдырууга 300дөн ашык журналисттер билдирүү жиберишти. Бул Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Россия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде, КР ТИМден аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин (Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германия) журналисттери.
Алардын ичинде: 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиктери жана 10 гезит, атап айтканда, «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттиги, CCTV кытай телеканалы, «Xinhua» маалымат агенттиги, «Россия» Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, УзА – Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги, Indian Express, «Иомиури» япон гезити, Daily Pakistan жана башкалар.
Белгилей кетсек, ШКУнун саммити былтыр Кытайда өткөн. Өлкө президенттери Кытайдын Циндао шаарында чогулган. 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга ыйгарылган.
Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2000-жылдардын башында Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. 2007-жылы аларга Индия жана Пакистан кошулган, Иран болсо уюмга кирүү ниетин билдирип келет.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештери, Тышкы иштер министрликтери да катышат.
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив