Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун жүрүшүндө ишти баалоонун улуттук усулдарын иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу жолдору талкууланды

Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун жүрүшүндө ишти баалоонун улуттук усулдарын иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу жолдору талкууланды

06 июн 2019, 16:43    bishkek
Бишкек шаарында өтүп жаткан “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жана баа берүү” темасындагы Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун түшкө чейинки бөлүгүнүн күн тартибине ылайык, «Парламентчилер баалоону алга жылдыруу демилгесин колдойт», «Мониторинг менен баалоонун улуттук тутумун түзүүнүн натыйжалуу жолдору: эл аралык тажрыйба», «Евразия чөлкөмүндөгү парламенттерде баалоону колдонуу тажрыйбалары» сессияларынын жүрүшүндө катышуучулардын бир катар баяндамалары угулду.

АКШдагы Айдахо штатынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын натыйжалуулугун баалоо боюнча кеӊсесинин директору Ракеш Мохан Айдахо парламентинин баалоо жыйынтыктарын пайдалануу жана аны андан ары алга жылдыруу жаатындагы тажрыйбаларын бөлүшсө, Бириккен Улуттар уюмунун баалоо боюнча эксперти Марко Сегоне БУУ башынан эле мамлекеттик органдардын, анын ичинде парламент ишине байкоо жүргүзүү жана баалоо чараларына өзгөчө маани берип келгенин белгиледи. «Мисалы, БУУ тарабынан 2015-жыл – Баалоо жылы катары жарыяланып, анын алкагында бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн», - деп кошумчалады ал.

Ал эми Парламентчилердин глобалдык форумунун Башкаруу комитетинин мүчөсү Наталья Никитенко Форумдун, анын ичинде кыргыз парламентинин мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча көрүлгөн чараларды алга жылдыруу жаатындагы аракеттери, бул багытта топтогон тажрыйбалар тууралуу учкай маалымат берди. «Мен 2014-жылы эле КМШ аймагынан Координациялык кеӊешке мүчө болуп, ошондон бери ушул форум менен тыгыз иштешип келем. Азыркы ааламдашуу доорунда парламенттердин ишине баа берүү чараларына өзгөчө маани берилип жатат. Эгер биз өнүгөлү десек, мындай заманбап демилгелерден четте калбашыбыз керек», - деп кошумчалады ал.
Ал эми Евразия парламентчилеринин аймактык форумун түзүү демилгечилеринин бири, Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Касымалиева Евразия аймагындагы парламенттик кыймылдын жандануу таржымалына учкай токтолуп, Кыргызстан парламентаризм салттарын бекемдөө жана мониторинг жана баалоо жыйынтыгында чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнүн бир бөлүгү болуп санала турганын баса белгиледи. «Кыргыз парламенти парламентчилердин баалоо усулдарын өнүктүрүү боюнча эл аралык кыймылын колдойт. Ошондон улам, бул кыймылды Евразия аймагында жайылтуу демилгесин көтөрүп чыктык», - деди депутат.

Вице-спикер 2017-жылы Бишкекте «Баалоо – оӊ жакка өзгөрүү аспабы: жашоону жакшыртуу жаатындагы аракеттерди бириктирели» темасында III Глобалдык форум өткөнүн, анда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуунун улуттук тутумун түзүүнүн жана аны мамлекеттик программалар менен долбоорлорго социалдык-экономикалык жактын таасиринин күчөтүү багытында колдонуу маселелери талкууланганын эске салды. «Ушу тапта Жогорку Кеӊеште Парламенттик көзөмөл алкагында Мониторинг жана баалоо усулдарын колдонуу концепциясынын, Мыйзамдар менен программалардын мониторинги жана баалоосу боюнча колдонмосунун долбоорлорун даярдоо жумуштары башталды», - деди Аида Касымалиева.

Андан тышкары, эл аралык эксперттердин форумдун катышуучулары баалоонун улуттук саясатын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу, баалоонун улуттук тутумун түзүүдө парламенттин, өкмөттүн, жарандык коомдун ортосундагы кызматташтык мамилелердин мааниси кошумча баяндамалары угулду.
 скачать dle 12.0
AlfredoLex от 7 июня 2019 16:43
Привет, мы продаем модную одежду высокого класса для мужчин. Доставка возможна в тот же день! Если вы заинтересованы, пожалуйста, посетите нас на https://sarman.ru/catalog/
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив