Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн делегациялары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн делегациялары менен жолугушту

30 май 2019, 15:59    bishkek
Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын Бишкекте өткөн жыйынына катышып жаткан уюмга мүчө мамлекеттердин делегацияларын кабыл алды.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков ТҮРКПАнын тармактык комиссияларынын Бишкекте өткөрүлүп жаткан жыйындарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, комиссия жыйындарында талкууланган маселелер жана кабыл алынган чечимдер менен толук кабардар экенин маалымдады.
“Биздин алдыбызда ТҮРКПАнын алкагында белгиленген пландарды ишке ашыруу тапшырмасы турат. Анын ичинен түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүбүз зарыл”, – деди Дастанбек Жумабеков.
Ошондой эле Төрага эл аралык уюмдар, айрыкча ТҮРКПАнын алкагындагы өнөктөштүк алакаларды кеңейтүү менен жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалады.
Өз кезегинде ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, Бишкек шаарында өткөрүлгөн жыйындар жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды, айрым жагдайлар боюнча тыгыз пикир алмаштык”, – деди комиссия мүчөлөрү.
Жолугушуунун соңунда аталган комиссиянын мүчөлөрүнө Жогорку Кеңештин иши менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив