Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Сот системасы талкаланып бүткөнү дагы бир ирет тастыкталды

Сот системасы талкаланып бүткөнү дагы бир ирет тастыкталды

24 май 2019, 16:32    bishkek
Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды деген кабар уккан кишиде толгон -токой суроолорду жаратууда. Жогорку соттун маалымат кызматы: "Сагинбаеванын бөгөт чарасын 22-май күнү Биринчи Май райондук соту карады. Сот КРдин Жазык-процессуалдык кодексинин 118-беренесин эске алуу менен Сагинбаеваны сот залынан үй камагына бошотту" деп жар салды.

Эске салсак, ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин негизинде кармалган. Сот айыпталуучулар Сагинбаева менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасын 16-майда карап, 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтырган. Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалган.
Көңүл бурчу жагдай, крим-төбөл эркиндикке чыккан маалда Сагинбаева Саламаттыкты сактоо министри кызматында болгон. Жана учурда козголуп жаткан ишке моралдык жактан ошол кездеги министр катары дагы очойгон жоопкерчилиги бар. Экс-министрдин үй камагына чыгышы анын башкалардан жоопкерчилиги аз болгонбу же Сагинбаеванын бөлөк кармалган карапайым кызматкерлерге салыштырмалуу артыкчылыгы барбы деген закон ченемдүү суроону жаратат. Жогорку сот эгер кое бере турган болсо эмне үчүн №1 тергөө абагына камайт. Анан кайра кое берет. Бул эмне кыларга жумуш жоктогу оюнбу? Анда эмне үчүн ошол экс-министрдин кол астында иштеген лаборант Цопова дагы үй камагына чыкпайт?! Анын Сагинбаевага салыштырмалуу жүйөлүү себеби бар, буту сынып, саламаттыгына доо кеткен. Жогорку сот ушул жерден гумандуулугун жана жарандарга бирдей акыйкат карагандыгын көрсөтсө болмок. Сагинбаеванын тергөө абагынан үй камагына чыккандыгы ал тиешелүү кишилер аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, капчыгы калың неме берчү суммасын бергени бештен белгилүү эмеспи. Ал эми Цоповадай жөнөкөй кызматкерде кайдагы акча. Сот системасы өзүнүн ичтен ирип-чирип бараткандыгын ушундай кадамдары аркылуу далилдеп коет. Буга коомчулук дагы күбө.

«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив