
Улутту басынтып, кошуна боордош элге шылдың болгон кылмышкер Азиз Батукаевдин бийлик тарабынан чыгарылышы элдин кыжырын кайнатып, намысына тийген. Көз көрүнө мыйзамсыз чыгарылганы көрүнүп турса дагы бийлик жетекчилери көз жумуп коюшкан.
Улуттун намысын тебелеген бул окуя ар бир жарандын бийликке карата кекенүүсүн жаратып, айрымдар ачык эле Атамбаевдин бетине сөөмөйүн кезеп, "тарых алдында жооп бересиң, кара тамгалар менен жазыласың!"-деп зекиген.
Чындыкты бетке айткандын көбү куугунтукка алынып, бейкүнөө камалып, жасалма кылмыш иши козголуп, акырында чындыкты айтуудан дагы коркуп калышкан. Кыргыз эли бекеринен, "кыңыр иш кырк жылда"-деп айтпаса керек. Канкор баш кесер Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон бийликтин эң жогорку эшелонундагылар бир баштан кылтакка илинип, Азиз Батукаевдин ордуна өздөрү камала баштады. Бул камакка алуулар, чуулгандуу иштин бети ачылуусуна албетте президент Сооронбай Жээнбековдун салымы көп.
Ал, укук коргоо органдарынан дайыма айкындуулукту жана адилеттүүлүктү талап кылып келет. Анын натыйжасы - бир кезде жалпы эл эңсеген Азиз Батукаевди бошуп, бийликте отуруп улутка кыянаттык кылган маскарапоздордун жазаланышы ишке ашып келе жатат. Элдин дагы бир үмүтү бар, ал Дача-Су авиакырсыгындагы ачылбай калган сырдуу жүк. Ага дагы кезек келет, президентке күч кубат тилеп, арка бел болушубуз керек. Антпесе, былыгы ачылып, шермендеси чыккан мурдагы өлкө башчысы жана анын тегерегиндеги элдин ырыскысын соруп жеген жемкорлор жалданма каралагычтары менен элдин көңүлүн бургусу келип жатат. Сооронбай Жээнбеков эң туура жолдо, элдин кызыкчылыгы менен бара жатат.
Булак: Чындык