Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Аскерде каза тапкан жоокердин ата-энеси 27 миң доллар компенсация талап кылууда

Аскерде каза тапкан жоокердин ата-энеси 27 миң доллар компенсация талап кылууда

23 май 2019, 14:27    bishkek
Тажикстан Улуттук гвардиясынын жоокеринин сырдуу өлүмүнөн үч жыл өткөн соң Душанбе шаарынын соту материалдык жана моралдык чыгымдарды өндүрүү боюнча доо арызды карай баштады.

Шухрат Таваллоев 2016-жылы Душанбеде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде каза тапкан. Расмий версия – өзүн-өзү өлтүрүү, бирок маркумдун туугандары буга ишенбейт. Таваллоевдердин үй-бүлөсү Улуттук гвардиядан жана маркум менен кызмат өтөгөн Шухрат Мирзохабиб Мирзобоевден 260 миң 855 сомони (27 миң доллардан ашык) компенсация талап кылууда.

Маркум жоокердин атасы Имомдод Таваллоев 22-майда өткөн соттук отурумда уулу өлгөндөн кийин санаа тартып, рак оорусуна чалдыкканын, мындан улам моралдык компенсация талап кылып жатканын билдирди.
Кезектеги соттук отурум 10-июнда болот.
Шухрат Таваллоев армияга 2016-жыл майда чакырылган. Беш ай өткөн соң анын сөөгү ата-энесине берилген. Жоокер куралды этиятсыз колдонгону үчүн өлгөнү айтылган. Бирок анын туугандары буга ишенген эмес.
Жоокердин өлүмү боюнча аны менен бирге кызмат өтөгөн Шухрат Мирзохомид Мирзобоев кармалган. 2017-жылы ал “өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча 6 жылга соттолгон. Тергөө материалдарында Мирзохомид Мирзобоев үч жоокерди, анын ичинде Шухратты кур менен сабаганы айтылат. Ошол эле күнү нөөмөттө турган Шухрат мылтыкты ээгине такап, эки жолу ок чыгарган. Маркумдун туугандары аскердик бөлүктүн жетекчилиги жоокерлердин коопсуздугун камсыздабай, трагедияга жол берген деп эсептешет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив