Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды

22 май 2019, 15:30    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болуп, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визит менен келиши күтүлүп жатканын белгиледи.

Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана аны жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.
Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин эң жакшы каалоо-тилектерин билдирип, анын саламын жолдоду.

Ал бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп, мамлекеттик мекемелердин ишмердигин санариптештирүү маселелерине жана парламенттик демократияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив