Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

22 май 2019, 12:39    bishkek
Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Атаханов бүгүн, 21-майда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.
15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.
Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.
Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив