Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Депутат Каныбек Иманалиев «Кыргызстан дипломаттары» коомдук уюмунун “Тилекмат аке” сыйлыгына ээ болду

Депутат Каныбек Иманалиев «Кыргызстан дипломаттары» коомдук уюмунун “Тилекмат аке” сыйлыгына ээ болду

22 май 2019, 12:33    bishkek
«Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси «Тилекмат аке» фонду менен бирдикте 2013-жылдан бери дипломатия жана эл аралык мамилелер тармагында Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө, өлкөбүздүн экономикасына инвестиция тартууга жана кыргыз дипломатиясынын таасирин күчөтүүгө кошкон салымы үчүн «Тилекмат Аке»  төш белгисин (алтын жана күмүш даражада) ыйгарып келет.

Буга чейин бул сыйлыкка кыргыз дипломатиясынын өкүлдөрү – М.Иманалиев, Р.Отунбаева, М.Саралинов, А.Осмоналиев, Б.Сыргабаев, чет элдик элчилер – М.Шаханов (Казакстан) Метин Кылыч (Түркия), Ли Йонг (Бириккен Улуттар Уюму) жана КМШ өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөр коомдук бирикмесинин президенти Т.Усубалиев ээ болушкан.

Коомдук Бирикменин чечими менен быйылкы жылдын сыйлыгына эл өкүлдөрүнөн биринчи болуп Жогорку Кенештин депутаты Каныбек Иманалиев менен Кыргызстандын Калькуттадагы ардактуу консулу Прамуд Кумар Сарафтын талапкерлиги татыктуу деп табылды.
Сыйлык тапшыруу аземине «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикменин ардактуу президенти, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укутуу элчиси Нургазы Кемелбаев, бирикменин төрагасы Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев, «Тилекмат Аке» фондунун өкүлдөрү, Тилекмат Акенин урпактары – салык кызматынын генерал-майору Майрам Шеримбекова менен физика-техника илимдеринин доктору Нурбек Касмамбетов катышат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив