Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Душанбе Сириядан 34 тажикстандык аялды алып келүүгө ниеттенүүдө

Душанбе Сириядан 34 тажикстандык аялды алып келүүгө ниеттенүүдө

06 май 2019, 13:39    bishkek

Сириядагы БУУнун качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажикстандык аял мекенине кайтууга жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) кайрылды. Алардын ар биринин бирден беш жашка чейинки курактагы балдары бар.

30-апрелде Иракта «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен тажик жарандарынын 84 баласы Тажикстанга кайтарылган. Бирок дале болсо бир дагы чоң киши мекенине алып келине элек.

Тажик бийлиги Сириянын Демократиялык күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Эль-Хасак аймагында тажик аялдар менен балдардын саны кыйла көп болушу мүмкүндүгүн билдирди. Алардын көбүн «ИМ» тобу ээлеп алган аймактарды бошотуу маалында күрттөр туткунга алышкан. Азырынча быйыл март жана апрель айларында Сириядагы жоочулардын борбору эсептелген Багузда куткарылган тажик жарандарынын так саны аныктала элек.

3-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча иштер башталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, майдын соңуна чейин аталган өлкөгө дипломаттар жиберилет. Анда алардын кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтыла элек.

Ирактын түрмөлөрүндө узак мөөнөттөргө соттолгон 43 тажикстандык аял бар. Тажик бийлиги алардын балдарын мекенине алып келген. Учурда ал аялдардын өзүлөрүн дагы кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.

3-майда Сириянын Демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Салах Кемин качкындар лагеринде кармалып турган аялдар жоопкерчиликке тартылбай турганын билдирген. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө мекендештерин кайтаруу боюнча тез арада чараларды көрүү өтүнүчү жазылган каттар жөнөтүлгөн. Азырынча аймактагы өлкөлөрдөн Казакстан гана 50гө жакын балалуу аялды жана бир нече эркек кишини мекенине алып кеткен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив