Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик визит менен барат жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик визит менен барат жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

04 июн 2018, 16:58    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 6-8-июнунда Кытайга мамлекеттик визит менен барат. 
Бул жөнүндө бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн  башчысы Данияр Сыдыков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингде билдирди.
Данияр Сыдыков билдиргендей,  мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугаары пландалууда.
«Бул визит келечекке багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө  кыргыз тарап чоң маани бере турганын билдирет», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана башка 200дөй эки тараптуу документтерге кол коюлганы, бул олуттуу келишимдик-укуктук базанын жана ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө умтулуу бар экенин күбөлөндүрө турганы белгиленди.
«Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Алсак, биздин өз ара аракеттенишүүбүздүн тарыхындагы жаңы баракты ача турган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы бирдиктүү декларациясы негизги саясий документ болуп калат, — деп белгиледи Данияр Садыков. — Биз бул мамлекеттик визит жакшы натыйжаларды берерине бекем ишенебиз.  Ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө көмөк болуп, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара кызматташууну бекемдейт жана ишкердүү соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет».
КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарында (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша турганын белгиледи.
Данияр Сыдыковдун айтымында, боло турган саммитке Индиянын жана Пакистандын жетекчилери биринчи жолу ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары катышат.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында, Шанхай кызматташтык уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар чечимдер талкууланып, кабыл алынаары  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделип жатат.
Данияр Сыдыков Циндаодогу саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп бере турганын белгиледи.
«Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары пландалууда», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
Данияр Сыдыков ошондой эле журналисттер кызыккан суроолорго да жооп берди. ЖМК өкүлдөрү Бишкек ЖЭБди модернизациялаган кытай компаниясы ТВЕА боюнча, ошодой эле Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн курууга байланыштуу келишимдин деталдары жана Кытай Эл Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилиги үчүн бөлүнгөн жер тилкеси тууралуу суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив