Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

25 апр 2019, 13:53    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Сыдыков Данияр Батырович, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Бактыгулова Канайым Джумадиловна, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Бейшенов Жанат Саматович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив