Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «2018-жылы Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кыла алды»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «2018-жылы Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кыла алды»

24 апр 2019, 12:17    bishkek
Өткөн жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде өлкөнүн экономикасы үчүн кыйла сынаакы мезгил болду. Биз түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, оӊ жыйынтык чыгардык. Өкмөт мына ушундай өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алды. Мында биргелешип иш алпарган Президенттин, кыргыз парламентинин, аткаруу бийлигинин кошкон салымы бар. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.
Өкмөт башы башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи. «2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайызга аштын. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 557,1 млрд сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду”, - деди ал.

Макроэкономикалык өсүш 3,5 пайыз деңгээлинде болуп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДӨ боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болгон. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин бүгүн, 24-апрелде өтүп жаткан жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.. Парламентте өкмөт башынын отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив