
Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканды, өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы өкмөт курамына калктын ишеними кыйла төмөн экенин моюнга алды
. «Азыр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга чейин төмөндөдү, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Демек, мындан Өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иш менен алпурушуп жатканы байкалып турат», - деди ал.
Андан тышкары, Премьер-министр өз милдетин жөндөй албаган министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринен кутулуп жатканын белгиледи. «Албетте, биз кадрдык көйгөйлөрдү моюнга алабыз, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ошондон улам, өткөн жылы 6 министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулду, мындай чаралар дагы улантылат», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.
скачать dle 12.0