Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ош шаардык жаштар парламенти менен жолугушту

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ош шаардык жаштар парламенти менен жолугушту

16 апр 2019, 17:41    bishkek
Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ош шаардык жаштар парламентинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда коомдогу жаштардын ролу жана алардын өлкө үчүн жасай турган иштери тууралуу сөз болду.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев алгач жаштарга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, мамлекеттин келечеги үчүн үч бийлик бутагы бирдей аракет көрүүсү керектигине токтолду. Ошондой эле депутат “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын шайлоо алындагы берген убадалары жөнүндө кеп салып, алардын көпчүлүгү ишке ашырылганын белгиледи.
Муну менен катар жаштарды жакшы окууга жана койгон максаттарына карай тынбай эмгектенүү менен кадам жасоого чакырган Бакыт Төрөбаев: “Мамлекеттин келечеги силердин колуңарда. Андыктан, талыкпай изденүү менен заманбап окуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангыла. Көйгөйдү көрүү менен гана чектелбей, анын чечүү жолун да сунуштай алган мыкты адис катары калыптангыла”, – деди.  
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, жаштар парламентинин мүчөлөрү депутатка саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелерге байланышкан суроолорун узатышты.
Белгилей кетсек, Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар парламенти түштүк калаадагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жаштардын катышуусун камсыздап келет. Жыл сайын жаш депутаттар тарабынан көптөгөн социалдык долбоорлор ишке ашырып, өз жемишин берүүдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив