Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды

Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды

12 апр 2019, 16:39    bishkek
Өкмөт былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын алдында отчет берип жатат.Талкуунун жүрүшүндө «Бир бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайталанма жооптору үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды.
«Мухаммедкалый Дүйшекеевич, кайра эле «кылыш керек», «кылыш керек». Качан? Качан кыласыңар?», - деп нааразы болду Сулайманов.
Өкмөт башчы «биз азыр кылып жатабыз да» деп жооп бере баштаганда депутат анын сөзүн бөлдү:
«Эч нерсе байкалбайт. Ички дүң өнүмдүн 3,5% өсүшү – бул ийгилик эмес. Экономиканын 60-70% көмүскөдө. Эгер схемаларга каршы чыныгы күрөш жүргүзүп, салык, бажы жана башка тармактардагы схемаларды жойсо, анда ички дүң өнүмдү кыйла тез өстүрүп, 3,5% эмес, 30% жеткирсе болот. Болгону көмүскөдөн чыгаруу керек», - деди Сулайманов.
«Мен сиз менен макулмун. Кеп ага кандай жол менен жетүүдө. Бул боюнча биздин көз карашыбыз туура келүүдө», - деп жооп берди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив