Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: "Атамбаевдин эч кимге ээ-жаа бербей куугунтуктаганы барыбыздын эсибизде го!"

Каныбек Осмоналиев, профессор: "Атамбаевдин эч кимге ээ-жаа бербей куугунтуктаганы барыбыздын эсибизде го!"

12 апр 2019, 16:32    bishkek
-Каныбек агай, президенттин парламенттин жыйынындагы чукул билдирүүсү купулуңузга толдубу?
- Президенттин сөзү, негизинен мага жакты. Программалык кайрылуу болду. Айрыкча, социалдык тармактарга, анын ичинен мугалим кургурдун айлык маянасын көтөрүү демилгеси мактоого арзыйт. Бирок, биздин өкмөттүн колунан келээр бекен. Же бир косметикалык эле чара көрө коюп, педагогдорду жоокалатып таштап, Президентке көтөрүңкү отчетту бере салбайбы деп ойлонуп жатам.
-Рыскелди Момбеков КСДПнын саясий кеңешине мүчө болуп, төраганын орун басары болгону колдоого алаарлык иш болдубу? 
-Ооба! Ал инсан ошол КСДПнын шарапаты менен саясатка кирген го! Өзүнүн кызматтык ийгилик-жетишкендиктерине ошол КСДП гана себеп боло алган. Демек, Момбеков мырзанын партиянын төрагасынын орун басар шайланышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бул жигит азамат экен! Туруктуу көз карашы жана принциби бекем турбайбы. Кыйынчылыкта өзүнүн партиясына бел боло алды жана реалдуу сүйлөп партиянын лидерин катуу сындап дагы койду! Бул сапаттар Кыргызстандагы партиялык курулуш саясаты үчүн жакшы жөрөлгө. Жаштарга дурус үлгү. Азамат экен, Рыскелди иним!
-Баса, Өмүрбек Бабанов келээрине саналуу  күн калды. Бирок, коомчулукта түрдүү божомолдор айтыла баштады. Ал чындап эле куугунтукка туш болгонбу же кара жанын сактап калыш үчүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонбу?
-Бабановдун 2017 -жылдын октябрындагы абалын тез эле унутуп коюп жатышат кээ бир "азаматтар". Адилет бололучу! Ошол кездеги президент Атамбаевдин эч кимге ээ-жаа бербей куугунтуктаганы барыбыздын эсибизде го! Эмне Бабанов тирешип туруп алуусу керек беле? Анын 600 миң шайлоочуларны Бабанов өзү басып, жаңы Президентке жол ачып берип, эң туура кадамдарга барды. Натыйжада, эл тынчый түштү. Бабанов ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга кеткенден кийин эле ага жасалма кылмыш ишин козготуп салышты. Эми бардыгы билинип жатпайбы?
-Эмне үчүн Бабанов келээринде алгач менчик телеканалынан маек берип, билет сатып алганынан бери фейзбуктан  жарыя кылды. Ал баратам деп бийликти кабардар кылып жатабы же камаса араачы түшсүн деп элди кабардар кылып жатабы?
- Бабанов 1,5 жыл сыртта жүрдү. Саясатка аралашмак турсун, кээ бир курч жагдайлар боюнча дагы өз пикирин билдирбеди. Өзүнүн берген убадасына бекем туруп берди. Эми мекенине кайтып келип, ага адилетсиз тагылган айыптардан мыйзам чегинде кутулуп алат деген ойдомун. Анын келишин ажиотаж кылып жаткандарды дагы түшүнсө болот. Кээ биринин алдыга койгон пландары бузулат. Бул турган эле иш. Ошондуктан аны Президент менен кагыштырууга жан далбас кылып жатышат. Бабанов токтоолук менен түшүндүрмө берип, бардык суроолорго жооп берди. Менимче бул жигит келип, негизинен экономиканы көтөрүүгө көп салым кошот. Ал үчүн анда бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
-Ал келсе камакка алынып, башка бизнесмендердей болуп, бар байлыгынын кол жууп, куру жалак калбайбы?  
- Жок! Азыр заман башка. Мындай ишенимди мен өз башыма келген сыноодон кийин айтып жатам! Толук акталып чыктым, го! Соттор азыр Атамбаевдин тушундагыдай эмес. Бир аз оңолуу жолуна түшкөндүктөрүү ачык эле билине баштады. Президент Сооронбай Жээнбековдун ийгилиги деп айтсак болот. Албетте, алдыда дагы көп оңолуу иштерин жасоо керек! Бабановду дароо эле камап кою деген туура эмес болуп калат. Ал Кыргызстанына келип эле өз тагдырын мыйзамдуу жол менен териштирип алуусуна толук шарттар бар, азыр.
-Бийлик Өмүрбек Бабановдун тынчтык жол менен келишине шарт түзбөсө, ал революция кылып, бийликти алабыз деген топторго же башаламандыкты уюштурууну каалагандарга кошулуп кетиши мүмкүнбү?
- Мен Бабановдун радикалдык күчтөргө кошулуп кетээрин деги эле элестете албаймын. 2017- жылдагы шайлоонун эртеси эле жеңүүчү атаандашын куттуктап, өлкөгө калпыс иш кылууга барбайм жана барган дагы эмесмин, деди го? Андан кийин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кетти. Депутаттык мандатын тапшырды, Саясаттан кетээрин жарыя кылды. Дагы эмне кылсын? Өлкөнүн стабилдүү болушун каалап, өз тарапкерлерин тынчытты. Ага деле болбой 10 күндөн кийин ошол кездеги президент Атамбаев жасалма эле кылмыш ишин козготуп койбодубу? Аны эл көрүп, түшүнүп эле турат го? Эми болсо, Жээнбеков менен Бабановду бири-бирине каршы коюга баш - оту менен киришип алыптыр. Бул туура эмес!.
-Аны айрымдар коркок дешет. Кыргызстанга келип, бардык сыноону  башынан кечиргенге эрки, күчү жетеби?
-Бабановду коркок дегендер өзүлөрү кимдер? Анын жолун тороп, күчтүү ишкерди Президенттин командасына кошууга каршы болгон "азаматтар". Бабановду идеалдаштырып алуудан дагы этият болойлу. Бирок, анын басып өткөн жолу өтө барктуу болуп турат. Мамлекеттин реалдуу экономикалык секторуна таасирдүү инсан катары баалашыбыз керек. Анын артындагы 600 миңге жакын жактоочулары дагы зор күч. Президент Жээнбековдун позициясын укмуш чыңдайт эле! Сабатсыз кадрлар өзүнөн-өзү четтемек! Бабанов өзүн мыйзам жолу менен коргоп алганга кудурети жетет. Азыр мыйзам иштей баштаганына күбө болуп жатпайбызбы!
Булак: NazarNews.kgскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив